Видео — Асылбек МАРАТОВ: “Элмирбек Иманалиевди дарыгерлер «карантин маалы» деп кабыл албай, өтө кечиктирип коюшту”

Видео — Асылбек МАРАТОВ: “Элмирбек Иманалиевди дарыгерлер «карантин маалы» деп кабыл албай, өтө кечиктирип коюшту”

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, ырчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиев бүгүн, 22-апрелде акыркы сапарга узатылып, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатууга ЖК депутаттары, акын, жазуучулар, төкмө акындар, күйөрмандары катышып, топурак салышты.

«Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы, Элмирбек Иманалиевдин шакирти Асылбек Маратов “Азаттык” радиосуна 21-апрелде болгон чындыкты айтыптыр. Анын айтымында, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин абалы оорлошкондо чуркап Бишкектеги ооруканаларга алып барышса, алар ары-бери жумшап убара кылышкан. Тагырагы, ак халатчандар “карантин” деп кабыл албай, алгачкы жардамын көрсөткөнчө бир сааттан ашык убакыт өтүп кеткен.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасына алып барсак, Фучик паркындагы ооруканага жиберишти. Ал жакка барсак, кайра «атайын ооруканага» жиберишти. Дарыгерлер «карантин маалы» деп кабыл албай, өтө кечиктирип коюшту»,- деп эскерген А.Маратов ал кара күндү…

Устатын жоктоо ыры…

Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечке маал Бишкектеги ооруканалардын бирине кант диабети менен түшүп, көз жумган. Артында алты (үч кыз, үч уулу) баласы калды.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. 

2 thoughts on “Видео — Асылбек МАРАТОВ: “Элмирбек Иманалиевди дарыгерлер «карантин маалы» деп кабыл албай, өтө кечиктирип коюшту”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.