Дастан ЖУМАБЕКОВ: “Кечиримдүүлүк менен кеӊ пейилдик жарандарыбызды жаӊы турмушка жетелеп, араздашкандар азайсын!”

Дастан ЖУМАБЕКОВ: “Кечиримдүүлүк менен кеӊ пейилдик жарандарыбызды жаӊы турмушка жетелеп, араздашкандар азайсын!”

Эртең, 24-апрелде Мусулмандардын ыйык Рамазан айы башталат. Орозо айынын башталышы менен бүгүн, 23-апрелде ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков куттуктады.

Урматтуу мекендештер!
Ардактуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан отуз күндүк ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!
Адамзатты сабырдуулук менен кеӊ пейилдикке үндөгөн отуз күндүк Орозодо, жакшылыктар арбын жасалып, жаман ойлорго чек коюлуусу тийиш. Айрыкча, колунда жокторго кайрымдуулук кылып, аларга жардам колун сунуу бул айдагы ыйык эрежелердин бири. Андыктан, он эки айда бир келчү Орозо айын жалпы мусулман коомчулугу, айрыкча кыргыз эли да жакшы тилек, аруу үмүттөр менен күтөт. Ыйык айда дүйнөгө тынчтык орноп, Кыргызстаныбызда жакшылыктар арбын болсун! Кечиримдүүлүк менен кеӊ пейилдик жарандарыбызды жаӊы турмушка жетелеп, араздашкандар азайсын! Кайрымдуулар көбөйүп, кайгыргандардын кабагы ачылсын! Кудайым аруу тилектер менен кармаган орозобузду кабыл кылып, кубанычтарыбызга кубаныч кошсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.