Элвира СУРАБАЛДИЕВА: “Оор кырдаалда жардам алган адамдардын сүрөтүн жарыялабасак, мактана турган иш эмес”

Элвира СУРАБАЛДИЕВА: “Оор кырдаалда жардам алган адамдардын сүрөтүн жарыялабасак, мактана турган иш эмес”

Депутат Элвира Сурабалдиева Чүй областынын Сокулук районундагы дотациялык айыл өкмөттөрдө жашаган жарандарга 14 тонна ун таратып, жардам берди. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, эл менен жолуккан депутат Орок айылындагы эл коронавирус, пенсия, кредиттер, билим берүүдөгү жалпы кырдаал боюнча маселе көтөрүшкөнүн, Күн-Туу айыл өкмөтүндөгү жаштар депутатка курч суроолорду бергенин билдирип, оор кырдаалда жардам алган адамдардын сүрөтүн жарыялабоо сунушун айткан.

Бүгүн бар, эртең жок, оомалуу-төкмөлүү заман дегенди билип, эртеңки күнү сенин сүрөтүңдү жарыяласа сүйүнөөр белең? Баарына чыдап жүргөн, намыскөй калкыбызды 30 жылда ушундай абалга жеткирген мамлекетте күнөө, ошондуктан бийликте отургандарга, бизге, мактана турган иш эмес. Бул илдеттен аман-эсен чыксак экен. Айылдардын постторунда машинабыз дезинфекцияланып, жарандар менен таза абада маектешкенге жетиштик. Карантинде күнүмдүк оокат менен жанын багып жүргөндөр абдан кыйналды, мамлекет багып албаса, ишке чыгууга уруксат берүүнү суранышты. Аны парламенттин келе жаткан жыйынында бардык эле депутаттар айтышаар», —  деген Э.Сурабалдиева.

Эртең коронавирустун жайылышынын туу токусу билинет

Эске сала кетсек, бүгүн эртех менен 23-апрелге карата брифингде  Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстан коронавирустун жайылышынын туу чокусуна жетип калганын билдирип, бүгүн 48 бейтап ооруканадан айыгып чыкканы менен кайра 19 кишиден коронавирус табылганын айткан. Анын айтымында, республика боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 631ге жеткен.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп божомолдоп жаткандарын билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.