Коронавируска кабылган 12 милицияга депутат Никитенко кайрылуу жолдоду. Анда эмне жазылган?

Коронавируска кабылган 12 милицияга депутат Никитенко кайрылуу жолдоду. Анда эмне жазылган?

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы, депутат Наталья Никитенко COVID-19 илдетине кабылган укук коргоо органдарынын 12 кызматкерине кайрылуу жолдогон. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, депутат алардын азыркы учурда аткарып жаткан жооптуу милдеттерине ыраазычылык билдирген.

Ант берүү менен, Сиздер укук тартибин жана биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилигин гана эмес, өлкөнүн ар бир жаранынын ден — соолугун жана укуктарын камсыз кылуу боюнча дагы жоопкерчиликти өз мойнуңуздарга алдыңыздар. Өзүңүздөрдүн антыңыздарды ушундай өзгөчө, дүйнөлүк пандемия сыяктуу шарттарда аткаруу керектигин эч ким билген эмес. Бардык көйгөйлөргө карабастан, биздин милиция, ички аскерлердин жана Улуттук гвардиянын жоокерлери өз милдетин жана антын намыстуулук менен аткарып жаткандыгын, биз сыймыктануу менен айта алабыз.

Сиздердин ата–энеңиздер, бир туугандарыңыздар башкалардын артынан жашынбай, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтап, биздин шаарлар менен айылдардын көчөлөрүндө тартипти, жарандардын ден соолугун жана бейпилдигин камсыз кылып жаткан татыктуу уулдары жана жолдоштору менен сыймыктана аларына ишенем”,-деген депутат.

Ошондой эле, Никитенко баштаган бөлүмдүн адистери дартка чалдыккан кызматкерлерге азык–түлүк таратып, алардын абалынан кабар алышкан.

Эртең коронавирустун жайылышынын туу токусу билинет

Эске сала кетсек, бүгүн эртех менен 23-апрелге карата брифингде  Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстан коронавирустун жайылышынын туу чокусуна жетип калганын билдирип, бүгүн 48 бейтап ооруканадан айыгып чыкканы менен кайра 19 кишиден коронавирус табылганын айткан. Анын айтымында, республика боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 631ге жеткен. Үсөнбаев кечээ 12 укук коргоо органдары коронавирус жуктуруп алганын, бирөөсү реанимацияда экенин билдирген.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп божомолдоп жаткандарын билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.