Кубат БОЛОТКАНОВ: “Мирлан Самыйкожонун жазганын окуп, кырдаал бир аз башкача болгонун билдим. Ушу менен кепти токтотсок”

Кубат БОЛОТКАНОВ: “Мирлан Самыйкожонун жазганын окуп, кырдаал бир аз башкача болгонун билдим. Ушу менен кепти токтотсок”

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, обончу, ырчы, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев 20-апрелде каза болуп, сөөгү кечээ, 22-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Каза болгондон бери белгилүүлөр да, эл да эскерип жатышат. Социалдык түйүндө маркумду Спецбольницага өз убагында албай койгону, Тил майрамында киргизбей коюшканы тууралуу сөздү кеп кылып, кызуу талкуулашууда… Кабыргасынан коюлган эки маселе боюнча бүгүн акын Мирлан Самыйкожо өз чындыгын айтып, жазып чыккан. Аны окуган Кубат Болотканов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

“Залкар акындын жаткан жери жайлуу болсун” деп, жакшы жагын жазалы…”

Бир тактоо киргизип койбосом болбойт. Элмирбек досумдун дүйнө салганын укканда төбөгө чагылган тийгендей эле болдук. Боз үйдүн капталында туруп, Асылбек Маратов инимден акындын акыркы мүнөттөрү тууралуу, атайын оорукананын эки сааттай кабыл албай койгонун угуп, каңырык түтөп турганбыз.

Аңгыча «Азаттыктын» кабарчысы Айбек Бийбосунов келип суроо узатканда Асылбек иним аларга акынды ооруканага жаткыруу боюнча түзүлгөн абалды айтып берди. Мен да оорукананын Элмир досумду көпкө кармап кабыл албай турушканына нааразы экенибизди билдиргем. Асылбек экөөбүздүн сөзүбүз «Азаттыктын» сайтында «Элмирбектин кетиши элдин эсин эки кылды» деген материалда турат. Менимче, ким болбосун, мендей эле оюн билдирмек деп ойлойм. Андан кийин ошо материалга шилтеме берип, «Багыт.kg” сайты маалымат жарыялайт. Бирок, аталган сайт мени кошо ооруканага барган киши кылып берип салган экен. Мен сайттын жетекчиси Тилек Рыскуловго байланышып, жагдайды түшүндүргөндө, ал материалды оңдоп коюуга сөз берген.

Бүгүн Мирлан Самыйкожо инимдин айтканын окуп, кырдаал бир аз башкача болгонун билдим. Ар бир нерсенин так болгону жакшы, азыркыдай шартта. Досумдун дүйнөдөн узаганына алиге ишене албай, эс ооп турган чак. Азыр эми эмне десек да Элмирбекти кайра кайрый албайбыз. Залкардын жаткан жери жайлуу болсун деп, сөз кылсак жакшы жагын айтып, калган кепти токтотсок. Убагында ага кам көргөн агаларга, досторго, дарыгерлерге ыраазычылык билдирем. Досумдун жаны бейиштен орун алсын”,-деп жазган К.Болотканов.

Клара СООРОНКУЛОВА: “Расмий, далили бар маалымат чыкмайынча постумду албайм

Белгилүү юрист Клара Сооронкулова өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына Элмирбек Иманалиевге убагында жардам берилбей калганы тууралуу кечээ жазып чыккан. Бүгүн болсо төмөндөгүдөй пост калтырды.

Мирлан Самыйкожо “маркум Элмирбек Иманалиевге тез жардам көрсөтүлбөй калган” деген маалыматты төгүндөп жазгандан кийин, абдан ыңгайсыз абалда калдым. Кубат Болоткановдун “Азаттыкка” берген интервьюсунан кийин жаздым эле, Кубатты тааныганыман ага ишенбөөгө негиз болгон жок.
Басым кылып айтып кетейин, постумду пиар максатында жазган жокмун. Тез жардамга муктаж адамдарды ары-бери түрткүлөгөн, өз убагында жардам берилбей калган көрүнүштөр өзүмдүн башыман да өткөн.
Өз көзү менен көрүп, окуя болгон жерде турган Мирлан Самыйкожонун постунан кийин тастыкталбаган маалыматты таркатканым үчүн баарыңардан кечирим сурайм. Бирок, расмий, далили бар маалымат чыкмайынча постумду албайм”,-деп жазган К.Сооронкулова.

Асылбек Маратовдун айтканын бу жердеги ШИЛТЕМЕден, Мирлан Самыйкожонун жазганын бу ШИЛТЕМЕден окуңуз!

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.