Мирлан Самыйкожо Элмирбек Иманалиевге байланыштуу спецбольница, тил майрамы боюнча болгон чындыкты айтып, агынан жарылды…

Мирлан Самыйкожо Элмирбек Иманалиевге байланыштуу спецбольница, тил майрамы боюнча болгон чындыкты айтып, агынан жарылды…

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, обончу, ырчы, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев 20-апрелде каза болуп, сөөгү кечээ, 22-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Каза болгондон бери белгилүүлөр да, эл да эскерип жатышат. Бирок, социалдык түйүндө маркумду Спецбольницага өз убагында албай койгону, Тил майрамында киргизбей коюшканы тууралуу сөз кызуу талкууда… Андай сөздөргө акын Мирлан Самыйкожо точка койду окшойт. Ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

“Уу жуткандай болуп, өзөк өрттөнүп турганда ого бетер өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып атышат”

Унчукпай коюуга болбой калды. Уу жуткандай болуп, өзөк өрттөнүп турганда ого бетер өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып атышат. Туура түшүнүп, туура маалыматты окуп койгула. Калыстык үчүн жаздым.
Өлүмдөн да пайда издеген популиссттер! Мурда кайда элеңер? Кечээ кайда элеңер? Ошол күнү кайда элеңер? Биз силерди ал күнү көргөн жокпуз го. Мүмкүн, мен да ошол жерде болчумун десеңер айткылачы. Көзүбүзгө коргошун уюп эле көрбөй калбасак, биз силерди көргөн жокпуз! Ушинтип упай топтоп, калбыр кадырыңарды өстүрбөй эле койбойсуңарбы! Бул силерге саясат эмес! Жасалма күйүмүш болуп, арзыбаган арзан пиарыңарга аралаштырып БУЛБУЛДУН өлүмүнөн пайда издегениңерди токтоткула! Ичинен бышып, ызасы ташып отурган элдин оюн жалган маалымат таратып тескери бурбагыла да.
«Спецбольница албай Фучикке жөнөтүптүр» деген карандай калпты кайдан, кантип ойлоп таптыңар? Асылбек Маратов айтты десеңер жаңылыштык. Ал өзү пропуску жок тозоттордон өтүп келгиче тез жардам Фучиктен спец
больницага келип калган. Асылбек Фучиктеги больницага эмес спецке келгенде келди. Элмир байкенин үйүнө спецбольницанын тез жардамы эмес, 103 тез жардамы чакырылыптыр. Ошол үчүн ал түз эле Фучикке алып барып, андан соң спецке алып келген. Муну күйөө баласы Мирзат Муканов дагы жалган дебестир. Дарыгерлерди дайыны жок күнөөлөгөн туура эмес деп ойлойм. Алар бул убакытка чейин деле өз камкордугуна алып, татыктуу кызматын кылып келишкенин үй-бүлөсү, бир туугандары жана бизге окшогон жакындары танбайт. Мүмкүн ошол мезгилдерде айрымдарыңар деле акыбал сурап баргандырсыңар, көргөндүрсүңөр. Ден соолугуна байланыштуу мезгили менен дарыланып келгендиги чындык эмес беле. Анан ошол дарыгерлерди тепкиге алып, күнөөлөгөн туура эмес го. Кандай дейсиңер?
Эми экинчи, дагы бир ойлоп табылган жалганыңар: «Тил майрамында Элмирбекти киргизбей коюптур» деп жазыпсыңар. Мынчалык эле калп айтып кара жаныңарга эмне эле күч келип атат билбейм! Бул жерде Элмирбек байкенин такыр, кымындай да тиешеси жок. Аты да аталган эмес. «Тил мыйзамынын 30
жылдыгына» арналган ишчарага даярдык көрүлүп жатканда эки акын ырдай турган болуп Азамат Болгонбаев менен Асылбек Маратовду репетицияга чакырып ырдатышып, бирок жыйынтыгында убакыттын узарып жатканына байланыштуу ген прогондо бир акынды кыскарта турган болушуп, айтыштын салты менен улуусун калтырып, кичүү акын Асылбек кыскарып калган. Бул окуя режиссёр Алтынбек Максүтовдун дагы эсинде чыгар. Болгону эле, ошол бир акындын кыскартылганын концерттин сценарийин жазган министрдин орун басары Кайрат Иманалиев кечинде Асылбекке айта албай калып, эртеси эртең менен ишчарага Асылбек келип кире албай калган. Жок, андай эмес десеңер ошондогу Асылбектин таарынып берген маеги менен ыры интернетке жарыяланган. Издесеңер табасыңар. Ойлоп тапканга караганда издеп тапкан адал болот. Бул иште Элмирбектин аты эмес жыты да жок болчу. «Элмирбекти киргизбей коюп, анан депрессия болду» деп, калпты чындай айткан божомолуңар болбогон нерсе.
Дагы бир жолу айтам. Өзүңөр ойлоп таап алган жалган маалыматтарды таратып элдин башын айлантканыңарды жана ЭЛдин уулу Элмирбектин өлүмүнөн саясат издеп, упай топтогонуңарды токтоткула! УЯТ! — ЭЛМИРБЕК деген ысым силерге окшогон ой бузарлардын деңгээлинде эмес эле!.. Тынч жаткыргыла
!”,-деп жазды Мирлан Самыйкожо.

Эске сала кетсек, «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов “Азаттык” радиосунун “Элмирбектин кетиши элдин эсин эки кылды” деген аталыштагы уюштурган эскерүүсүнө (21-апрелде) барып, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин абалы оорлошкондо чуркап Бишкектеги ооруканаларга алып барышса, алар ары-бери жумшап убара кылышканын, ак халатчандар “карантин” деп кабыл албай, алгачкы жардамын көрсөткөнчө бир сааттан ашык убакыт өтүп кеткенин айтып берген. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Ал эми тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада төкмө акын Асылбек Маратов кирбей калганы тууралуу былтыр «Super.kg» сайтына айтып бергени жарыяланган. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

2 thoughts on “Мирлан Самыйкожо Элмирбек Иманалиевге байланыштуу спецбольница, тил майрамы боюнча болгон чындыкты айтып, агынан жарылды…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.