Орозодо ооз ачырууга, мечитке барып намаз окууга, жума намазга чогулууга убактылуу тыюу салынды!

Орозодо ооз ачырууга, мечитке барып намаз окууга, жума намазга чогулууга убактылуу тыюу салынды!

Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелге карата брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал мусулмандарды орозо учурунда өзгөчө абалды, кырдаалды эске алып, түшүнүү менен кабыл алып, мыйзам талаптарын бузбоого чакырып,  ооз ачарды, намаз окууну үйдө өткөрүү сунуштады. «Быйыл Орозо айы карантин жана өзгөчө абалга туш келип отурат. Ошондуктан, биз бул ыйык айда сабырдуу болуп, муфтий Максат ажы Токтомушев айткандай, ооз ачууну, намаз окууну үйдөн гана жүргүзүп, тууган-урук, үй-бүлөңүздөр менен үйдө болушуңуздарды суранабыз. Бардык талаптарды аткарып, коопсуздукту сактасак эле ийгиликке жетебиз»,- дейт А.Орозалиев.

Муну менен катар эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы да мусулмандарга кайрылып, орозодо карантин эрежелерин сактоого чакырды.

Эске сала кетсек, 30-апрелге чейин карантин узартылып, Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Мечиттерге барып намаз окууга, жума намазга чогулууга да убактылуу тыюу салынган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.