Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда орозо бизге өтө зарыл”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда орозо бизге өтө зарыл”

Эртең, 24-апрелде Мусулмандардын ыйык Рамазан айы башталат. Орозо айынын башталышы менен бүгүн, 23-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков  мусулмандарды куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Баарыңыздарды куттуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм! Отуз күн кармаган Орозонун касиети менен дил дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет.

Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бактылуу жашоо каалайм, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын тилейм!

Туткан Орозоңуздарды Кудайым кабыл кылсын! Жараткан Аллах элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык берсин!»

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.