Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: “Элмирбек Ала-Тоонун үстүнөн кайрылгыс кометадай кайып учуп кетти…”

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: “Элмирбек Ала-Тоонун үстүнөн кайрылгыс кометадай кайып учуп кетти…”

Кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев 20-апрелде каза болуп, сөөгү кечээ, 22-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Белгилүү драматург, жазуучу жана театр таануучу Жаныш Кулмамбетов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Ансыз да оор күндөрдү башынан кечирип жаткан кыргыз эли, бүгүн кабыргасы кайышып өзүнүн эң мыкты уулдарынын бирин жоктоп турган чагы. Өмүрдүн кыскалыгын, анын учкан куштай учкулдугун ушундан билсек болот, боз улан Элмирбек “күттүм, күттүм, күтүүдөн тажап бүттүм” деп, Атай менен Боогачыдай кыргыз баласынын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү кусалыгын козгоп, анан Ырыспайдай “булбулум” деп, сай-сөөктү сыздата армандуу обон созгон мезгили кечээ эле эмес беле…

Элмирбек ар бир кыргыздын көкүрөгүндөгү купуя сырын куюлушкан таамай ыр саптарына тизип, Толубай сынчыдай эл мүдөөсүн мүлдө журтка жарыя кылган учурлар кечээ эле эмес беле…

Ала-Тоодой залкар агасы Айтматовдун сөөк башында, Ырамандын ырчысы айкөл Манасты кошуп тургандай, муңга баткан ыр саптарын төгүп турган учур кечээ эле эмес беле…
Аттиң… а бүгүн кыргыздын арманын арттырып, Ала-Тоосунун үстүнөн кайрылгыс кометадай кайып учуп кетти
…”,-деп жазган Жаныш Кулмамбетов.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: “Элмирбек Ала-Тоонун үстүнөн кайрылгыс кометадай кайып учуп кетти…”

  1. Здравствуйте уважаемый Жаныш Осмонович я таджикский соискатель и напишу диссертацию об Ист. тадж. професс. театров и мне нужен год. рож драматургов Ж. Озубекова и Ч. Калибекова не как не могу найти их буду признательном.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.