Алмазбек ОРОЗАЛИЕВ: “Карантинден кийин да эреже сакталат, таксиде жүргүнчүнүн саны экиден көп болбошу керек!”

Алмазбек ОРОЗАЛИЕВ: “Карантинден кийин да эреже сакталат, таксиде жүргүнчүнүн саны экиден көп болбошу керек!”

ИИМ министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиевдин бүгүнкү 24-апрелге карата брифингдеги билдирүүсүнө караганда, карантин токтосо  эле күнүмдүк айлыкка иштегендерге жумушка чыгууга уруксат берилет жана карантиндеги эреже сакталат.

“Карантин токтоору менен биринчи кезекте курулушта иштегендер, техникалык тейлөө жана желимдөө станциялары, такси айдагандарга иштегенге уруксат берилет. Бирок санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сакталышы шарт. Таксиде жүргүнчүнүн саны экиден көп болбошу керек”,-деп билдирди А.Орозалиев суроого жооп берип жатып.

Ошондой эле Орозалиев санитардык тазалоо жүргүзүлүп, адамдар бет кап тагынып, ортодогу аралыкты так сакташы зарыл экенин баса белгиледи. Ал эми карантин мөөнөтү узартылабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.