Аялы менен таарынышып кеткен адам башына ок атып каза болду

Аялы менен таарынышып кеткен адам башына ок атып каза болду

Ысык-Көлдө машинанын ичинен башына ок аткан адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Ысык-Көл ОИИБ журналисттерге билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 23-апрелде болгон. Каза болгон адам жөнүндө маалымат милицияга болжол менен саат 13:35те келип түшкөн. Өзүнүн машинасынан өзүнө кол салып каза болгон 1990-жылы туулган М.Д. аттуу адам экени тастыкталган. Ал травматикалык тапанчадан башына ок аткан. Учурда тапанча кимге тиешелүү экени текшерилүүдө… Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ал эми “Турмуш” өздүк булактарына таянып окуянын чоо-жайын жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, 1990-жылы туулган М.Д. Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынан болгон. Ал жубайы менен таарынышып кеткенде, аны жездеси келип алып кеткен. Аялын алып келүү үчүн М.Д. классташтарына жардам сурап кайрылган. Төрт классташы менен милиционер классташынын «Субару Форестер» машинасы менен жолго аттанышкан. Жолдо баратып бажасына телефон чалса, ал телефонду кайын энесине берсе, ал сүйлөшпөй телефонду өчүрүп салган. Кайра бажасына чалып жатып аны менен жалгыз сүйлөшүп алуу үчүн классташтарын машинадан түшүп, сыртта күтүп турууну суранган. Классташтары сыртта күтүп турганда машинанын ичинен тарс деген үн чыккан…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.