Каза болгон орус депутаттын сүрөтүнүн ордуна сүрөтү чапталганын көргөн Кубат Оторбаев кандай абалда болду?

Каза болгон орус депутаттын сүрөтүнүн ордуна сүрөтү чапталганын көргөн Кубат Оторбаев кандай абалда болду?

Жакында эле каза болгон орус депутаттын сүрөтүнүн ордуна экс-омбудсмен Кубат Оторбаевдин сүрөтү коюп “Тeznews” жаңылык кылып, 19-апрелде Ютубга жайгаштырган. Кызыгы андагы жаңылыкка 8 миң көрүүчү кирип, “Аллах ыраазы болсун” деп комментарий жаза беришиптир. Анын ичинен үчөө гана Кубат Оторбаевди таанып, «уят эмеспи» деп жазышкан.

Ал эми Кубат Оторбаев өзү бүгүн, 24-апрелде араң билип, өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына: “Каза болгон депутаттын ордуна менин фотом! Мына кызык! Бул сайт Москвада каза болгон Иван Жуков деген депутатка байланыштуу маалыматка менин сүрөтүмдү чаптап, акча таап жатыптыр Ютубда. Мына сага! Элмирбекти «чувак» деди деп «КЛООП»тун продуктысы Маратка таарынабыз, буларга эмне дейбиз эми, достор!? Өмүр тилейм! Булардычы? Буларды эмне кылса болот? Сотко беремби эми? Ой-пикирлер кандай болот? Сайт кимдики? Билесиңерби?”,- деп жазды.

Өмүрүңүз  узун болсун, Кубат мырза! Мындай ишке барган журналисттерди мурдагы акыйкатчы сотко береби же ыйык Рамазан айы деп кечирип коебу? Аны өзүнөн сурап кабарлайбыз.

Коронавирустан каза болгон депутат

Эске сала кетсек, Москва облусттук думасында 20 жылдан ашуун депутат болгон, бир нече чакырылышта “Бирдиктүү Орусия” фракциясын башкарган 63 жаштагы Иван Жуков 18-апрелде каза болгонун Орусиянын ММКлары жазып чыккан.

Алардын маалыматына таянсак, депутат коронавирус илдетинен көз жумган. Ал боюнча толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.