Кубатбек БОРОНОВ: “Коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталат”

Кубатбек БОРОНОВ: “Коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталат”

Бүгүн, 24-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков 1-вице-премьер-министр, коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алды. Ал коронавирус боюнча абал тууралуу президентке маалымат берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда учурдагы өзгөчө абалды жөнгө салуу, коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө жана калкка жардам берүү боюнча чаралардын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланган. Президент бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн режимде улантуу зарылдыгын, экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жаңыртууга, жазгы талаачылык иштерин талаптагыдай жыйынтыктоону камсыз кылууга көңүл бурууну баса белгилеген.

Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, жалпы республика боюнча 42 миңдей анализ алынганын, анын 656сында коронавирус инфекциясы бар деп табылганын, 322 адам илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылганын билдирген. Ал кийинки этапта илдет жуктуруп алгандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо боюнча иш алып барылаарын кошумчалаган. Тагырагы, бир апта аралыгында эпидемиологиялык иликтөөлөр, бардык жерде текшерүүлөр жүргүзүлүп, үймө-үй кыдыруу башталат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Кубатбек БОРОНОВ: “Коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталат”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.