ШТАБ: “Коронавируска кабылган бир бейтапты дарылоого 8 миңден 120 миң сомго чейин каражат кетүүдө”

ШТАБ: “Коронавируска кабылган бир бейтапты дарылоого 8 миңден 120 миң сомго чейин каражат кетүүдө”

Коронавирус илдетине чалдыккан бир бейтапты абалына жараша ооруканада дарылоого орто эсеп менен 8 миң сомдон 120 миң сомго чейин каражат жумшалууда. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб бүгүн, 24-апрелде билдирди.

Аталган штабдын Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирүүсүнө караганда, мындай ири суммага дары-дармектин, бейтаптын ооруканада жатканы, медициналык каражаттардын, анализдердин жана изилдөөлөрдүн баасы кирет.

Ошондой эле аталган штаб башка өлкөлөрдүн баасын мисал келтирди. Алсак, Өзбекстанда бир бейтапка доллар менен эсептегенде 3 миңден 6 миңге чейин, Кытайда 3 миңден 140 миңге, АКШда 38 миңден 73 миңге чейин каражат жумшалууда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.