Вендолин аттуу дос тапкан, Джек итин баккан Москвадагы “Борис Европа”… (Маек)

Вендолин аттуу дос тапкан, Джек итин баккан Москвадагы “Борис Европа”… (Маек)

Москвада кран айдап иштеп жаткан “Борис Европа” кыргыз жигит. Ал жакта үй-бүлөсү менен жашайт. Боордошубуздун аты-жөнүн алмаштырып алганына кызыгып, маекке тарттым. Динден саясатка чейин интернет аркылуу маектештик.

— “Борис Европа” мырза, бүгүн ыйык Рамазан айы башталды. Орозо кармадыңызбы?

— Учурдан пайдаланып, кыргыз элимди ыйык Рамазан айы менен куттуктап, орозо кармап жаткандардын орозосу кабыл болсун демекмин. Отуз күндө ниеттерин оңдоп, жандүйнөсүн тазалашын каалайм. Анткени кийинки күнү адамдардын ниети бузулуп кетти, пендечиликке алдырып баратабыз. Алла Талаа ар бир пенденин кетирген күнөөсүн кечирсин. Негизи орозо кармоо парздардын бири. Ошол парзды ар бир инсан аткарууга тийиш. Бирок, айрым учурда кээ бир кишилер элге эптеп эле көрүнүп калуу үчүн мактанып кармашат. Бул туура эмес көрүнүш, текеберлик деп айтаар элем.

Эми өзүмө келсем, буга чейин орозо кармап эле келгем, кийинки күндөрү ден соолукка байланыштуу кармай албай жүргөм. Сахарым бар. (Күлүп) Бул жолу ден соолугум менен акылдашып, көзүм жеткенден кийин орозо кармадым.

— Кичинекей кезибизде чоң апаларыбызды ээрчип, баштык көтөрүп алып айттачу элек. Ошол мезгилди сагынасызбы? Дегеним, ошондой көрүнүш калып бараткандай…

— Балалык кезин ким эстебесин, сагынбасын? Ал мезгил бир сонун кез эле да… Эсимде, апам арапа күнүндө жыт чыгарып боорсок токоч кылат эле. Айылга айтайт элек. Азыр деле ушул учурда айылда болуп калсам, айттайм. Орусияда болсо айтташ кыйын, кыргыз боордошторумдун баары эле ижарада жашайт. Телефон чалып, ыйык күн менен куттуктайм. Анын үстүнө азыр баарыбызга эле белгилүү коронавирус деген бир жаман илдет чыгып, сыртка чыкмай жок. Пропуск менен гана чыгууга уруксат. Метро, автобус токтогон. Бирок, Абдышүкүр ажы айткандай, коронавирусту шылтоолоп, орозону кармабай койбош керек, кармоо шарт! Негизи чоң аалымдардын айткандарынын баары туура. Орозону бактылуу адамдарга буйруган. Атың өчкүр десе, учурда жүрүп жаткан жаман ооруга баарыбыз каршы дуба кылсак, андан бат кутулабыз. Тилегибиз бир болсо эле баарын жеңебиз!

— Ал жакта үй-бүлөңүз мененсизби? Каада-салтты кармайсыздарбы?

— Ооба, кармайбыз. Кечээ келинчегим жумушта болуп калгандыктан кызым боорсок токоч жасап, жыт чыгарды. Арапа күнү деп маркумдарга багыштап куран окудум. Мусулман кайсыл жерде жашабасын Кудай берген парздын бирин аткарышы керек! Москва шаарындагы Тынчтык проспектисинде аябай чоң мечит бар, айт намазда ошол мечитке барып, намазга жыгылабыз.

— Арап тилин кайдан, качан үйрөнгөнсүз?

— Арап тилин билгениме бир топ жыл болду. 1-классымда эле арап тилиндеги китепти окуп, тамгаларын тааныгам. Айылыбызда бир тажик молдо бар эле, ыйманы саламат болсун, намазды ошол киши үйрөтүп, “намазды ар ким өзүнүн жаны үчүн окуйт, Аллахым биздин намазыбызга муктаж эмес, биз беш маал намазга муктажпыз” деп айтчу. Анынсыңарындай, ар ким өзү үчүн окушу керек!

— Дин аябай эле денеңизге сиңип калган турбайбы. Динде кызыл кандуулукка алдырбоого, сөгүнбөөгө үндөйт да, туурабы? А бирок, көп эле учурда социалдык тармактарда “Аллах” деп оозанган эле адамдар оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүшөт. Айрым учурда сиз дагы албууттанып каласыз. Эмнеге динде айтылган нерсени карманбай келесиздер?

— Ооба, туура, ак сөз. Мусулманчылыкта сөгүнүү, жаман сөз айтуу туура эмес, жат көрүнүш. Бул адепсиздик экенин да жакшы билем. Бирок, теңирчилерге аябай жиним келет, алар мусулмандарды өтө эле кемсинтишет. Ушундай көрүнүшкө зээним кейип, теңирчи тентектерди сөгөм. “Диниме шек келтиргени менин аброюма шек келтиргени” деп кабылдап, аларды ашата сөгүп, жаман сөздөрдү жазып калганымды мойнума алам. Бул кемчилик. Кемчилигин мойнуна алуу да жакшы нерсе.

— Дагы бир кемчилигиңиз бар, сөздөрдү аябай эле ката жазасыз. Аны да моюндай аласызбы?

— Албетте. Мектепте орто окугам, бирок, “2” деген баа албайт элем, “4” деген баада окугам. “Аябай эле ката жазасыз” деген суроого мен мындай деп жооп берээр элем. Менин 10 класстык эле билимим бар. (Күлүп) Министр, депутаттардай болуп 5 жылдык Жогорку окуу жайды бүтүргөн эмесмин. (Каткырып) Ошол “жогорку билимдүүлөрдүн” жазгандарында ката тимеле толтура, атүгүл, алдында даяр турган нерсени окуй албай уят болуп отурат го… Мен алардын жанында шар окуп, тойго барчуудай эле жазам, карындашым.

— А эмнеге анда жакшынакай эле Бакыт Буудайчиев деген аты-жөнүңүздү социалдык тармактарга “Борис Европа” деп катталдыңыз?..

— Ооба, Фейсбукта Бакыт Буудайчиев деп эле катталгам. “Борис Европа” деп тамашалап каттала коем деп алгачкы атыма алмаштыра албай жатам. Мени тааныбай көптөгөн досторум достуктан чыгып кетип жатат.

Негрден да дос күткөндөйсүз, чогуу түшкөн сүрөттөрүңүздү чыгарып жатасыз. Сыягы ал намазга жыгылат го дейм? Экөөңүздөр кайсы тилде баарлашуудасыздар?

— Ооба, Вендолин аттуу тааныш таап, жакын дос болуп калдык. Намаз окуйт. Экөөбүз орус тилинде эле суйлөшөбүз. (Күлүп) Экөөбүз тең орусчаны кыйратпайбыз, бирок, бири-бирибизди түшүнөбүз.

— Эмне иш кылып жатасыз? Иштеген жериңизде кыргыздар көппү?

— Москвада кыргыздар оголе көп. Мен иштеген жерде өзбек, тажиктер, кыргыз жок, жалгыз кыргызмын. Кызматым – айдоочу, кран айдайм.

Зериккенде китеп окуйсузбу, дегеним, кечээ бүткүл дүйнөлүк китеп окуу күнү болду. Диний китептерден тышкары кайсы китептерди окуйсуз?

— Мурда китепти көп окуйт элем, азыр окубайм, куран китептерди гана окуйм.

— Зериккенде ит эрмектейт окшойсуз?

— (Күлүп) “Фейсбуктагы” Джекти айтып жатасыңбы? Ага ушундай ат коюп алгам, сүрөттөрүн жайгаштырып, видеолорун жүктөйм. Айылдагы үкөмдүн ити. Мага аябай жакты, жакшына бир ит да. Ага өзүнчө пост ачкам. Ал жөнүндө тамашаларды жаза берем, мисалы, күлөт деп. Бул тамаша да, качан эле ит күлчү эле?.. Тамаша курганды жакшы көрөм.

— “СССРди курам” деди Путин, мен макулмун деген постуңуз тамаша эмес да?

— Жок, тамаша эмес. Путиндин “СССРди курам” дегени мага майдай жакты. Мындай сөзү менен мен макулмун. Кана? СССР убагында завод, фабрика иштеп, элдин баары жумуш менен камдуу эмес беле. Окууга өтпөй калгандарды иш күтүп турчу. Бекерпоздук деген ал учурда жок эле. Илгеркидей завод, фабрикалар Кыргызстанда иштесе, ата-энебиздин көз алдында эле жүрөт элек да. Жакындарыңдын жанында жүргөн кандай жакшы. Путиндин сөзүн колдогонум да ошондон, карындашым.

— Биздин саясатчылардан экс-депутат Аида Салянованы колдоп жүрөсүз. Аида Жеңишбековнаны былтыр Рамазан айында камаганда туура эмес болгону тууралуу байма-бай пост жазып турдуңуз эле…

— Аида Салянова саясатта таза адам, мыкты айым. Кримтөбөл Батукаевди качыргандар башка болчу, ага түз тиешеси бар адамдарды камабай, күнөөсү жок кишини камап койгондорунун өзү туура эмес болгон. Болгондо да былтыркы Орозо күнү, анда дагы эч тиешеси жок аялзатын камады. Кур бекер эле муздак жерде 73 күн жатып чыкты. Ден соолугу солгундады. Буга ким жооп берет?

— Көп эле кишилердин аты аталып жатат, түз кимдин тиешеси бар деп ойлойсуз?

— Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурган Зарылбек Рысалиевдин түздөн-түз тиешеси бар. Кримтөбөлдү бапестеп Бишкекке чейин алып келип, аэропорттон кызыл килем менен узатып жиберген дал ушул киши болчу. Анын баары тасмада тастыкталып эле турат го. Ал боюнча аны суракка алымыш болуп, кулап калса “ооруду” деп ооруканага жаткырышып, кам көрүшүп, үй камагына чыгарып коюшту го. Мындай көрүнүштүн өзү, орой айтканда, шермендечилик. Бул адамдын башында буйрук берип турган Алмазбек Атамбаев. Андагы ажо буйрук бербесе Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошомок эмес. Муну карапайым элге чейин эле билип жатпайбы. А эмнеге бийлик билмексен, көрмөксөн болот? Дагы эле болсо Зарылбек Рысалиевдин жоопко тартылышын талап кылам! Аида Жеңишбековна толук акталсын! Анын жүрөгү ооруйт, дарыланып жүрөт. Жүрөктүн токтоп калышы көз ирмемде экенин көрүп эле жатабыз го. Мына кечээ жакында эле алп акын Элмирбек Иманалиевдин жүрөгү токтоп, боз топурактын алдында калып, боздоп жатабыз. Бүт кыргыз ыйлады… Дагы эле кабыргабыз кайышып турат жоктоп… Кыргыз үчүн өтө жаман иш болду. Ак таңдай акыныбыз бейишке чыксын! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Ыйык Рамазан айында куран окуп туралы, курандан башка айла жок. Кыргыз элиме кайрат айтып, дагы бир жолу Орозо айы менен куттуктайм!

 Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.