“Карантинди дагы узартып, кыйналсак да 20-30 күн чыдап, үйдө отурушубуз керек, болбосо коркунуч бар” дейт го дарыгер. Макулсузбу же каршысызбы?

 “Карантинди дагы узартып, кыйналсак да 20-30 күн чыдап, үйдө отурушубуз керек, болбосо коркунуч бар” дейт го дарыгер. Макулсузбу же каршысызбы?

Мындай пикирин белгилүү дарыгер Калдарбек Абдраманов билдирип, коркунуч боюнча коңгуроосун какты. Толугу менен төмөндөн окуңуз.   

— Азыр кырдаал оор бойдон калууда. Жакшы жылыш жоктой. Сырттан келгендерден, ичибизден инфекция чыгып жатат. Бул билген адамга күтүлгөн эле акыбал болду. Себеби, азыркы акыбал тийиштүү тармактардан, жетекчилерден баштап катардагы карапайым жарандарга чейинки, кендирди кескен кенебестиктин кесепети деп түшүнөм. Кыскасы, коронавирус дүйнөгө бат таралып, дүйнөдөгү чоң өлкөлөрдү чөгөлөтүп турганда, тийиштүү деңгээлде биз даярдык көрө албаганыбыздын жыйынтыгын, азыркы мамлекеттеги акыбал тастыктап көрсөтүп койду. Ооба, болору болду, өткөндү өгөйлөгөндөн не пайда?

Эми азыр, жалпы журт акыбалды туура түшүнүп, өкмөт койгон талаптарды так аткарса, ал эми өкмөт, баардык жардамга муктаж адамдарына тамак-аштан ж.б. тийиштүү жардамдарды берип, түшүндүрүп, керек болсо карантин убагын дагы узартып, мүмкүн болушунча илдеттен тазалануу аракетин жасашыбыз керек. Азыр карантинге нааразылар чыгат. Алардын да аргументтерин угалы. Бирок, биз эки жамандан бирөөнү тандай турган мезгил келди. Же биз, карантинди дагы узартып, кыйналсак да дагы 20-30 күн чыдап, үйдө отурушубуз керек, же болбосо 30-апрелде карантинди токтотуп, көчөгө чыгып, бири-бирибизге ооруну кайра таратып, андан ары, он миңдеген, жүз миңдеген жарандарыбыздын өмүрүнө коркунуч алып келгенге макул болушубуз керек.

Мен врач, илимпоз катары, акыбалга дыкат көз салган адам катары, карантинди дагы узартуу менен акырындап акыбалга жараша жеңилдетип, анан толук чыгуу жолун көздөйт элем. Биздеги жакшы жагдай, даярдык аз болсо да, Кыргызстанда коронавирустун таралуусу «жумшак» жолунда бараткандай. Кээ бир аймактарда аз санда, же таралган жок. Ошондуктан, азыр элдин бири-бири менен катташуусун толук токтотсок, инфекция да бат токтойт эле. Андай мүмкүнчүлүк биздин элде азыр бар. Биз ушул өзгөчөлүктөрдү, мүмкүнчүлүктөрдү этибарга албай жатабыз. Эми дагы эле кенебестик кылсак, анда инфекция катуу таралат, токтотуу өтө кыйын болуп калат. Зыян көп болот, көп адамдардын өмүрүнө коркунуч келет, инфекциянын токтоо мөөнөтү да созулат, белгисиз болуп узарат. Мен медиктерге түшүп калчу азыркыдан да катаал түйшүк, «медициналык коллапс» жөнүндө айтпай эле турайын. Медицинанын акыбалы мышык ыйлаар, эл ишенгидей талаптагыдай эмес. Азыр эле ооругандардын 25% медиктер болуп жатат. Акыбал татаалдашса, жокчулуктун кесепетинен бизге да иштөөгө өтө кыйын болуп калат. Кокус эле 50-60 оорулуу адам бир убакта татаал акыбалда түшүп калса ооруканаларга, анык медициналык коллапс болот. Врачтар, аппараттар жетишпей, кол куушуруп отуруп беребиз. Анын бетин ары кылсын, жараткан!

Сабиржан АБДИКАРИМОВ: “Дарыгерлер вирустун очогунда жүрөт”

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун бүгүнкү 25-апрелге карата брифингде билдирүүсүнө караганда, дагы 9 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталган. Анын айтымында, бир суткада эле үч медицина кызматкеринен вирус чыккан. Ушуну менен алардын саны 175 кишиге жеткен. «Дарыгерлер вирустун очогунда жүрүшөт. Үй-бүлөсүнөн да бири-бирине жугузуп жатат. Кээ бирлери жөнөкөй эрежелерди сактабагандыктан да жугузуп алышууда. Ар түрдүү себептер бар. Коронавирустун очогуна барганда жеке коргонуу каражаттарын кийишет. Аны кийип чечкенде да эреже сакталбай калышы мүмкүн», — дейт С.Абдикаримов.

25-апрелге карата министрдин берген маалыматына таянсак, Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 665 кишиге жеткен. Каза болгондор – сегиз, стационарда — 312, алардын ичинен 13 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

One thought on “ “Карантинди дагы узартып, кыйналсак да 20-30 күн чыдап, үйдө отурушубуз керек, болбосо коркунуч бар” дейт го дарыгер. Макулсузбу же каршысызбы?

  1. Кайдагыны айтасынар айланайындар! Дагы узартып элди кыйнап, же чондорубуз журоберсинби тийиштуу чараларды так аткарбай шалпылдап. Жардам берип жатабыз деп кыйратып, биз болсо жардамына жете албай кыйналдык. Ушуларга ун жетпей, бук болуп аран эле олтурабыз. Кереги жок узартуунун…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.