Түндө Ысык-Көлдө, таңга маал Ошто 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Түндө Ысык-Көлдө, таңга маал Ошто 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Бүгүн, 25-апрелде, түнкү саат 03:56да Ысык-Көл аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы Сейсмология институтунун билдирүүсүнө таянып билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында 5 балл, Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында 4 балл, Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында 3 балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Саз, Төлөк айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле бүгүн, таңкы саат 06:55те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Тогуз-Булак, Арпа-Тектир айылдарында, Кара-Суу районунун Чайчи айылында -5 балл, Алай районунун Кен-Жылга, Кара-Шоро, Боз-Караган, Таш-Короо, Жаңы-Турмуш айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө, Сары-Булак айылдарында-4 балл, Ош шаарында, Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Мырзаке, Саламалик айылдарында-3 балл, Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу шаарында жана Ноокат районунун Ноокат айылында-3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.