Видео – Илим БЕЙШЕНАЛИЕВ: “Бир тоголок дары ичкен жокмун” деген бала жалган айтты. Ал калп айтканы боюнча Кудайдын алдында жооп берээр”

Видео – Илим БЕЙШЕНАЛИЕВ: “Бир тоголок дары ичкен жокмун” деген бала жалган айтты. Ал калп айтканы боюнча Кудайдын алдында жооп берээр”

Бүгүн, 25-апрелде Ат-Башы аймактык ооруканасынын жетекчиси Илим Бейшеналиев социалдык тармакта тарап жаткан видеолорго жооп берди. Ал ооруканага түшүп жаткандардын баары врачтардын жардамы менен айыгып жатканын баса белгилеп, элди түшүнүү менен дарыгерлерге мамиле жасоого чакырып, ынтымакка үндөдү.

“24 күн жатып бир тоголок дары ичпей чыгарып жатышат” деп айткан баланын видеосу 23-апрелде социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган. Анын айткандарын врач Илим Бейшеналиев жокко чыгарды. Анын айтымында, анын дене табы 38-39 градус болуп ооруканага түшүп, ага “пневмония” диагнозу коюлуп, 5 күн ага күн-түн ар кандай растворлор куюлуп, дарыланып айыгып чыккан.

Врачтын айткандары толугу менен төмөндөгү ВИДЕОдон көрүп, угуңуз!

Бир тоголок дары ичпей чыккан баланын тасмасы төмөндө:

Сабиржан АБДИКАРИМОВ: “Дарыгерлер вирустун очогунда жүрөт”

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун бүгүнкү 25-апрелге карата брифингде билдирүүсүнө караганда, дагы 9 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталган.

Анын айтымында, бир суткада эле үч медицина кызматкеринен вирус чыккан. Ушуну менен алардын саны 175 кишиге жеткен. «Дарыгерлер вирустун очогунда жүрүшөт. Үй-бүлөсүнөн да бири-бирине жугузуп жатат. Кээ бирлери жөнөкөй эрежелерди сактабагандыктан да жугузуп алышууда. Ар түрдүү себептер бар. Коронавирустун очогуна барганда жеке коргонуу каражаттарын кийишет. Аны кийип чечкенде да эреже сакталбай калышы мүмкүн», — дейт С.Абдикаримов.

25-апрелге карата министрдин берген маалыматына таянсак, Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 665 кишиге жеткен. Каза болгондор – сегиз, стационарда — 312, алардын ичинен 13 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.