Карантинде балдарын бага албай калып, өмүрүнө кол салган аял тууралуу министрликтин жообу…

Карантинде балдарын бага албай калып, өмүрүнө кол салган аял тууралуу министрликтин жообу…

Балдарын бага албай калып, өмүрүнө кол салган аял тууралуу бүгүн, 26-апрелде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымат таратты.

Алардын айтымында, Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жашаган 47 жаштагы аял М.В. Каракол шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген баласы үчүн ай сайын 4000 сом өлчөмүндө жөлөк пул алат. Андан тышкары, майып баласын карап, персоналдык ассистент макамы бар болгону үчүн ай сайын 4900 сом маяна берилет. Ушул жылдын январында 10 мүшөк көмүр берилген. Өзгөчө кырдаал режими башталганда азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүлгөн. 16-апрелде мамлекеттик резервдер фондунан 1 кап ун берилген. Азык-түлүк алуучулардын бирдиктүү базасына киргизилген.
Эске сала кетсек, окуя апрелдин башында болгон. Эки баласын бага албай калган эне көп дары ичип алган. Аны дарыгерлер куткарып калган. Мындай кадамга эмне үчүн барганын сураганда, ал жолдошу менен бир нече жыл мурда ажырашып кетип, карантинге чейин күнүмдүк жалданма жумуштарда иштеп, балдарын багып келген. Карантин маалында жумушсуз калып, балдарын бага албай калганда өмүрүн кыйганга белсенген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.