КОРЕЯ: “Ким Чен Ын тууралуу жаман ой менен таратылган маалымат жалган”

КОРЕЯ: “Ким Чен Ын тууралуу жаман ой менен таратылган маалымат жалган”

Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде РИА Новости испаниялык активист, Кореянын достук ассоциациясынын жетекчиси Алехандро Као де Беностун айтканына таянып жазып чыкты.

«Бул расмий маалымат. Биздин лидер Ким Чен Ындын “абалы оор болуп жатат” деген маалымат жалган, себеби, ал жаман ой менен таратылган. Тынчсызданганыңыздар үчүн рахмат. Бирок, журналисттерден суранат элем, сенсацияны эмес, маалыматтын туурасын алгач текшерип алсаңыздар”,- деген Бенос.

Эске сала кетсек, кечээ, 25-апрелде Япониянын ММКлары Ким Чен Ындын жүрөгүнөн операция болуп, абалы оор экенин жазса, Американын «New York Post» гезити каза болуп калганын жазган. Кыргызстандын калкы ишендиби, жокпу, кайдан, социалдык тармак колдонуучулары тамашага айлантты: «Ким Чен Ындын ордуна кимди жиберебиз?» десе, өздөрүнө жакпаган саясатчыларды жөнөтүшүүдө…

Бирок…

«Каза болду», «Өлгөн жок» деген маалыматтар Өзбекстанды көп жыл башкарып, көз жумган Ислам Каримовдун өлүмүнө окшошуп кетүүдө. Андагы 78 жаштагы ажонун өлүмүн алгач жашырышкан. Көмүлгөндөн кийин гана аныгы билинген. 2016-жыл эле… Каримовдун кызы Лола Каримова-Тиллаева атасынын мээсине кан куюлуп, жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын жазган. Президенттик аппараты тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес. Аягында башында айтылган сөз (каза болгону тууралуу маалымат) чын болуп чыккан.

Ал эми…

Былтыр, жайында 63 жаштагы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун каза болгону тууралуу да маалымат тарап, калп болуп чыккан.

  Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.