ШТАБ: “Дарыгерлер коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыра баштады”

ШТАБ: “Дарыгерлер коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыра баштады”

Республикалык штабдын билдирүүсүнө караганда, коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн дарыгерлер 25-апрелден баштап үймө-үй кыдыра баштаган. Дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик бригада Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорундагы айылдарды кыдырып, адамдардын дене табын текшерип, ПЦР анализдерди алууда.

Түзүлгөн топ кечээтен бери Ош облусундагы үй карантиндеги 11 898 адамды текшерип, 9 138 кишини дарыгерлердин көзөмөлүнөн чыгарышты. Өзгөн районундагы 174 кишини, Кара-Сууда 27 адамдын туугандарын, жакындарын 301 адамды, Чоң-Алайда байланыштагылардын баарын текшерип бүтүштү.

Эске сала кетсек, 24-апрелде 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус жуктургандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталарын айткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.