Бириккен Араб Эмираттарынан 178 кыргызстандык келди, дагы 280 киши келет

Бириккен Араб Эмираттарынан 178 кыргызстандык келди, дагы 280 киши келет

«Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны өлкөгө кечээ, 26-апрелде  келди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Айбек Маматбеков үйүнө кайтууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 3-10-майда Дубай-Бишкек чартердик каттамы менен дагы эки рейс уюштуруларын билдирген. Баш-аягы Кыргызстанга дагы 280ге жакын киши келет деп божомолдонууда.

Башкы консулдун маалыматына караганда, Бириккен Араб Эмираттарында 3500ге чукул кыргызстандык бар (консулдук расмий каттоодо 2495 киши турганын билдирди).

Кыргыз өкмөтү 21-апрелде аталган өлкөдө Кыргызстанга кетүүгө билет алып авиакаттамды күтүп жаткандарга жатакана жана тамак-аштан жардам берүү үчүн 5 млн. сом бөлгөн.

Бүгүнкү 27-апрелге карата брифингдеги маалыматка караганда, коронавирус жуккандардын жалпы саны 695ке жетти, алардын сегизи каза болду, 395 бейтап айыгып чыкты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.