Орусиядагы мекендештерге 4 миллион сом которулду. Элчилик аны кандай адамдарга бөлүштүрөт?

Орусиядагы мекендештерге 4 миллион сом которулду. Элчилик аны кандай адамдарга бөлүштүрөт?

Өкмөт Орусиядагы кыргызстандыктарга бөлгөн 10 млн. сомдун 4 миллиону которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.

Алардын айтымында, каражат элчиликтин алдындагы штабга түшкөн. Ал акча мекендештерге накталай берилбейт. Акча коронавирус жуктуруп алгандарга, оорукчандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, кош бойлуу аялдарга, жашы улгайган кишилерге убактылуу жатакана, тамак-аштан жардам берүүгө жумшалат.Аны Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери жана активисттер кирген комиссия бөлүштүрөт. Муктаж адамдардын кайрылууларын да комиссия карайт.

Элчилик менен кантип байланышуу керек?

Азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча маалымат алуу үчүн элчиликтин күнү-түнү иштеген Call-борборуна телефон чалса болот.

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);

+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);

+7 925 103 29 11мобилдик( вотсап).

Эске сала кетсек, Кыргызстан 21-апрелде Бириккен Араб Эмиратындагы элчилигине 5 млн. сом, ал эми Орусиядагы элчиликке 10 млн. сом бөлгөн. Бул акча жашоосунан жана тамак-аштан кыйналган кыргызстандыктарга жардам берүүгө деп каралган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, авиакаттамдар токтотулгандыктан миңдеген кыргызстандыктар мекенине кайта албай калды. Алар чет жакта вирустан улам бир катар компаниялар ишин убактылуу токтоткондуктан жумушсуз калышканын, каражатка муктаж экенин айтып жатышат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.