5 маал намазга жыгылган апа: “Баламдын көрүн кайра каздырбайм, денесин кестирбейм, эч кимди сотко бербейм”

5 маал намазга жыгылган апа: “Баламдын көрүн кайра каздырбайм, денесин кестирбейм, эч кимди сотко бербейм”
Сүрөттө: маркум Эрик Шералиев

42 жаштагы Эрик Шералиевдин өлүмүнүн чоо-жайын “Турмуш” сайты жазып чыкты. Алардын жазганына караганда, маркумдун бир туугандары агасынын өлүмүнө дарыгер себепкер болгон, атүгүл операция үчүн акча да алган. Ал эми врач-хирург акча албаганын айтып, аларга жардам катары өз чөнтөгүнөн акча бергенин билдирген.   

Карындашынын айтымында…

Эрик Шералиевдин бир тууган карындашы Асел Шералиеванын айтымында, агасы эки ай мурун ооруп, Чүй райондук аймактык ооруканага кайрылса, дары-дармек берип, үйүнө кетирип жиберген. Үйүнө келгенде өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртылып, ооруканага жеткирилген. Врачтар өтүндө таш бар экенин айтып, операция жасашкан. Операциядан кийин үйүнө чыгарылган, бирок, жакшы боло албай, кайра ооруп баштаган. Операция жасаган врачка телефон чалып, агасынын абалын айтса, ал операциядан кийин бардык эле бейтаптар ушундай абалда болоорун айткан.

Жубайынын айтымында…

Эрик Шералиевдин жубайынын айтымында, жолдошуна операция болордун алдында Токмок шаарынан кошумча врачтар чакыртылган. Хирург аларга акча бериш керектигин айтып, 20 миң сом акча сураган. Жубайы суралган сумманы таап берген.

Эки айдан кийин кайрадан операция жасалып…

Асел Шералиеванын айтымында, арадан эки айдан кийин, агасынын абалы начарлап, эч нерсе ичпей, жей албай калган. Бишкектеги ооруканага алып келишкен. Ал жердеги врачтар мурда операцияны ким жасаганын сурап, өтө кеч алып келгендерин айтып, “Перитонит” (ич көңдөйүнө түшкөн ириңдетүүчү микробдордон жана ууландыруучу заттын таасиринен ич челинин сезгениши) деген диагноз коюп, операция жасашкан.

Баласынын каза болгонун алигүнчө уга элек ата…

Эки ирет операция болгону менен Эрик Шералиев жакшы боло албай, каза болуп калган. Чүй облусундагы Чүй районунда 11-мартта сөөгү жерге берилген. Маркумдун артында төрт баласы калган. Улуусу он жашта, кичүүсү үч жашта. Атасы алигүнчө баласынын каза болгонун уга элек. Инсульт алганына байланыштуу атасына балдары жаман кабарды угузган эмес. 5 маал намазга жыгылган апасы: “Баламдын көрүн кайра каздырбайм, денесин кестирбейм, эч кимди сотко бербейм” деген. Маркумдун жакындары өлүмүнө врачтарды күнөөлөшүүдө.

20 миң сом ээсине кайтарылып…

Маркумдун карындашы Асел Шералиеванын айтымында, Бишкектеги агасынын операциясына 1190 сом корогон. Чүй райондук аймактык ооруканасынын дарыгерлери 20 миң сом алганын баса белгилеп, алардын чыныгы жүзүн көрсөтөйүн деген ниетин билдирген. Агасын акыркы сапарга узатып жаткан күнү Чүй райондук аймактык ооруканасынын дарыгерине барып, 20 миң сом алдыгын сураса, алгандыгын айтып, кайтарып берген.

Нурбек ИСРАИЛОВ, врач: “20 миң сом алган эмесмин, аларга өз чөнтөгүмдөн акча чыгарып бергем…”

Маркумга операция жасаган хирург Нурбек Исраилов эч кандай 20 миң сом албаганын айткан. Анын айтымында, Эрик Шералиев Чүй райондук аймактык ооруканага 7-январда, майрам күнү кайрылган. Аны үйүнөн чакыртышкан.

Абдан оор абалда келген, ошол эле күнү ыкчам операция жасалган. Өтү жарылып, ичинин баары таш, перитонит болуп кетиптир. Операция ийгиликтүү өтүп, бир күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Сакайган соң, 18-январда үйүнө чыгарылган. Бир ай 25 күндөн кийин “тамак иче албай жатам” деп келгенде, ультра үндүү изилдөөчү аппараттан текшердик. Анализи жакшы чыгып, түшүнүксүз болгондуктан Бишкекке жөнөткөнбүз. Бишкекке барган күнү эле операция жасалыптыр. 2-3 күндөн кийин каза болуп калыптыр. Ошондон кийин жакындары келип, “балдары жаш, насыясы бар” дегенинен мусулманчылык кылып, өз чөнтөгүмдөн акча чыгарып бергем. Ал эми “Токмоктон дарыгерлерди чакырып, ошолорго акча беришим керек деди» деген  сөз жалган», — деген аталган оорукананын жетекчиси, врач Нурбек Исраилов.

Булак: «Турмуш»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.