Бишкек мэриясы Кытайдан 100 автобус сатып алат. Ага бюджеттен 650 млн. сом каралган

Бишкек мэриясы Кытайдан 100 автобус сатып алат. Ага бюджеттен 650 млн. сом каралган

Бишкекке 100 автобус сатып алууга жарыяланган тендерди кытайлык «Xiamen king long united automative industry Co., Ltd.» компаниясы утуп алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Бишкекке 2020-жылы чыккан автобустар алынып келет. Бир транспортко 70тен ашык адам батат. Отургучтардын саны 26дан кем болбойт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да ыңгайлуу.

Газ менен жүргөн автобустарды сатып алуу боюнча тендер быйыл кышта жарыяланган. Буга бюджеттен 650 млн. сом каралган. Тендердик комиссия жети ишкананын ичинен кытайлык компанияны тандап алды. Тендерге катышкан ишканалардын бири 30-мартта комиссиянын чечимине нааразы болуп арыз жазды. Мэрия буга байланыштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментине тендердик комиссиянын ишине баа берүүнү өтүнүп кат жиберген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.