Мамлекеттик кызматкерлерге, мугалимдерге тырмагын өстүрүүгө, жасалма кирпик тагууга, улуттук кийим кийүүгө тыюу салынды

Мамлекеттик кызматкерлерге, мугалимдерге тырмагын өстүрүүгө, жасалма кирпик тагууга, улуттук кийим кийүүгө тыюу салынды

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Анын айтымында, Ашхабадда бюджеттик мекемелерде иштеген айымдарга кызматкерлердин сырткы келбетине байланыштуу дагы бир катар чектөөлөр киргизилди. Жаңы талаптарга ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде мектептер менен жогорку окуу жайлардын мугалимдерине чачын боёого, жасалма кирпик тагууга, тырмагын өстүрүп, боёп жүрүүгө болбойт. Мындан тышкары кызматкерлердин жумушка улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон чоң жакалуу кийимдерди кийип келүүсүнө тыюу салынды.

Эске сала кетсек, 2018-жылы Түркмөнстанда чачын, тырмагын ачык түстөргө боёп жүрүү үчүн айып пул киргизилген. Аялдар узун жана денеге жабышпаган көйнөктөрдү кийүүгө милдеттендирилген. 2019-жылы Ашхабаддагы сулуулук салондорунун, чач тарачтардын жана укалоо салондорунун ишине чектөө киргизилген. Буга байланыштуу шаардагы мындай кызмат көрсөткөн жайлардын көбү жабылып, кызматкерлер үйдө иштөөгө өткөн.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.