Видео – Нурболот ҮСӨНБАЕВ: “Бактыга жараша коронавирус менен ооруган саясатчылар, депутаттар, ырчылар жок”

Видео – Нурболот ҮСӨНБАЕВ: “Бактыга жараша коронавирус менен ооруган саясатчылар, депутаттар, ырчылар жок”

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын арасында белгилүү адамдар, саясатчылар, депутаттар, шоу-бизнес өкүлдөрү жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелге карата брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ага коронавирус менен ооругандардын арасында белгилүү адамдар барбы, жокпу деген суроо узатылды эле, ал: “Саясатчылар, депутаттар, чыгармачыл адамдардан коронавирус жуктуруп алгандар менен  байланышта болгондору болду. Алар обсервацияга алынып, үй карантинине чыгышкан. Бактыга жараша коронавирус менен ооругандары болгон жок”, — деп жооп берди.

Коронавирустун жалпы саны 708ге жетти

Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү билдирүүсүндө дагы 13 адамдан коронавирус табылып, Кыргызстанда жалпы саны 708ге жеткенин айткан. Жаңы катталган учурдан Чүй облусунда – 6, Бишкек шаарында – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 2 .

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.