Видео — Нурболот ҮСӨНБАЕВ: «Бишкектеги таластыктардан коронавирус табылган, аларды Таласка жибербей кармап калганга жетиштик»

Видео — Нурболот ҮСӨНБАЕВ: «Бишкектеги таластыктардан коронавирус табылган, аларды Таласка жибербей кармап калганга жетиштик»

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 28-апрелге карата брифингде Талас облусунда санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу, тынч экенин, коронавирус жуккан адамдар каттала электигин жана Талас облустук штаб жакшы иш жүргүзгөнүн билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдөн келген адамдар менен байланышта болгон Бишкектеги таластыктар обсервацияга жайгаштырылып, анализ алынып, жугузуп алгандар аныкталган. Аларды Таласка жибербей, өз убагында Бишкекте кармап калганга жетишкен.

Коронавирустун жалпы саны 708ге жетти

Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, дагы 13 адамдан коронавирус табылып, Кыргызстанда жалпы саны 708ге жеткен. Жаңы катталган учурдан Чүй облусунда – 6, Бишкек шаарында – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 2 .

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Видео — Нурболот ҮСӨНБАЕВ: «Бишкектеги таластыктардан коронавирус табылган, аларды Таласка жибербей кармап калганга жетиштик»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.