ЖОГОРКУ СОТ: “Саймаитиге жасалма паспорт берди деп шектелген кызматкер акталды» деген маалымат чындыкка дал келбейт”

ЖОГОРКУ СОТ: “Саймаитиге жасалма паспорт берди деп шектелген кызматкер акталды» деген маалымат чындыкка дал келбейт”

Кытай жараны, жеке ишкер Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жасап берди деп шектелген А.А.К кызматкери акталганы тууралуу маалыматты Жогорку сот четке кагып, өздөрүнүн маалыматын бүгүн, 28-апрелде таратты. Аны толугу менен төмөндөн окуй аласыздар.

ММКларда А.Саймаитиге документтерин мыйзамсыз берген паспорт бюросунун кызматкери жөнүндөгү жазык иши боюнча маалымат пайда болгондугуна байланыштуу Жогорку соту төмөндөгүлөрдү билдирет.
КРнын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү, 330-беренесинин 1-бөлүгү жана 359-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү менен айыпталуучу А.А.К. жөнүндөгү жазык ишин Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту карап,  2019-жылдын 22-ноябрындагы токтому менен Жазык кодексинин 62-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу А.А.К. жазык жоопкерчилигинен бошотулуп, жазык иш өндүрүштөн кыскартылган. (Жазык кодексинин 62-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун талабына ылайык, эгерде адам тарабынан анча оор эмес кылмыш жасалган күндөн тартып жана өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө чейин үч жылдык мөөнөтү өткөн болсо, ал сот тарабынан жазык жоопкерчилигинен бошотулат).
Ал эми өз учурунда, Жалал-Абад областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 31-декабрындагы аныктамасы менен биринчи инстанция сотунун А.А.К. жөнүндөгү токтому өзгөртүүсүз калтырылган.
Жалал-Абад областтык прокуратурасынын бөлүмдүн улук прокурору
Жогорку сотуна кассациялык сунушу менен кайрылып, анда биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун соттук актыларын жокко чыгарып, А.А.К. карата угузулган айып боюнча жаза белгилөөнү сураган.
Жогорку сот
тун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы аталган жазык ишти карап чыгып, 2020-жылдын 16-мартындагы токтому менен биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун соттук актыларын күчүндө калтырылган.
Жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу кыскартылышы реабилитация кылуучу жагдай болуп эсептелбейт.
Андыктан, Жогорку сот айыпталуучу А.А.К. актады  деген маалымат чындыкка дал келбейт”,- деп жазылган маалыматта.

Эске сала кетсек, былтыр (2019-жылы), 10-ноябрда эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини Стамбулдагы мейманканадан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Андагы консул Эркин Сопоков ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 12-ноябрда бошотулган. Мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевдин мурдагы шоопуру Э. Сопоков учурда абакта.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.