Өкмөттүн талаш жараткан тизмеси. Тизмеге мектеп менен бала бакча эмнеге кирбей калган?

Өкмөттүн талаш жараткан тизмеси. Тизмеге мектеп менен бала бакча эмнеге кирбей калган?

Эркин АСРАНДИЕВ: “Режим улана берсе, июлга чейин жылып кетиши ыктымал”

Үч этап менен ишке киришүүчү тармактардын тизмеси кечээ, 28-апрелде жарыяланган. Ага бала бакчалар, мектептер, окуу жайлары кирбей калган. Аны бүгүн, 29-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев түшүндүрдү.

Анын айтымында, тизмеге кирбей калган тармактардын иши өзгөчө кырдаал режими алынгандан кийин гана ишке кирет. «1-июнга чейин кырдаал турукташса, ишин башташат. Эгер режим улана берсе, 15-июнга же июлга чейин жылып кетиши мүмкүн. Баары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды», — дейт Э.Асрандиев.

Өкмөт уруксат берилчү ишкердиктин түрлөрүн жарыялаган тизмеси

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкканын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ республикалык штабдын 28-апрелдеги жыйынында билдирип, түзүлгөн тизмени өзү окуп берген.

1-майдан тарта ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнүн ишине уруксат берилет:

  1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү: энергетикалык өнөр жай, химиялык жана нефтегаз өнөр жайы, машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай, тоо кен, түстүү жана кара металлургия, текстилдик жана булгары-бут кийим өнөр жайы, эмерек жасоо, курулуш материалдарды өндүрүү жана башка өнөр жай өндүрүш түрлөрү.
  2. Курулуш чөйрөсү: курулуш объектилери, сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо жана кызмат көрсөтүүлөр.
  3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү: техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоо, дөңгөлөктөрдү желимдөө, жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.
  4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү.
  5. Соода чөйрөсү: интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызмат, курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо, кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо, автотетиктер, велотетиктерди сатуу, май жана автосырдоо дүкөндөрү.
  6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боёо жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.
  7. Такси кызматы (экиден ашык адам салбаш керек).

11-майдан кийин эл көп топтолгон тармактардын тизмеси:

11-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет: микрофинансылык уюмдар, камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер, туристтик агенттиктер.

  1. Калкты тейлөө кызматтары: сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер, тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо, химтазалоо жана клининг.
  2. Соода чөйрөсү: курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлар, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары, тигүү жана булгары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары жана автосалондор, авторыноктордон сырткары.
  3. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү: коомдук транспорт, автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу, кичи автобустардан сырткары.

«Коомдук автоунааларды ишке киргизүү бир аз опурталдуу, бирок пандемия деңгээли төмөндөсө, анда автобустарга жана троллейбустарга уруксат берилет. Кичи автобустар азырынча коопсуз эмес», — деди премьер-министр.

21-майдан баштап өзгөчө абал режиминде төмөнкү экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берилет:

  1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар), финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү, акча алмаштыруу жайлары, ломбарддар.
  2. Калкты тиричилик жактан тейлөө борлорлору: бут кийим оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо, соода-сатык чөйрөсү, соода борборлору, кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр, автомобиль базарлары, коштоочу кызматтар. Ошондой эле менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү, менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Өкмөттүн эскертүүсү

Өкмөт эпидемиологиялык абалга жараша экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнө өзгөртүүлөр кириши мүмкүн экенин эскертти. Абылгазиев санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо керектигин эреже бузган ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери жоопкерчилик аларын баса белгиледи.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.