Сел, көчкү жүргөн кооптуу жердеги жашоочулар коопсуз жерге көчүрүлдү

Сел, көчкү жүргөн кооптуу жердеги жашоочулар коопсуз жерге көчүрүлдү

Сузак районундагы кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр коопсуз жерге  көчүрүлдү жана көчүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жаз, жай айларындагы сел, суу ташкындарынын, жер көчкү кырсыктардагы өлүм болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатта ӨКМдин кызматкерлери кооптуу жерде жашоочуларды коопсуз аймактарга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.

ӨКМ министри З.Аскаровдун тапшырмасы менен Сузак районунун Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Барпы, Курманбек, Көк-Арт айыл аймактарындагы жер көчкү кооптуулугу жогору болгон тилкелерге иш-чаралар жүргүзүлүп, биринчи кезекте көчүрүүгө 102 үй-бүлө сунушталган.

Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынындагы кооптуу тилкелерде жашаган үй-бүлөлөрдү убактылуу көчүрүү иштерине жергиликтүү бийликке 20 бирдик 10 орундуу чатыр бөлүнүп берилип, Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Март айылынын Кайырма тилкесине тигилип, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, КР ӨКМнин Сузак району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жергиликтүү бийлик органдарынан турган комиссия курамы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.