Замир ЖООШЕВ: “Атамбаев ден соолугуна карабай, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган балдарды колдоо үчүн сотко келген”

Замир ЖООШЕВ: “Атамбаев ден соолугуна карабай, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган балдарды колдоо үчүн сотко келген”

Бүгүн, 29-апрелде Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук жараян май айына жылдырылды. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, айрым бир адвокаттардын келбей калганына байланыштуу сот отуруму майга жылдырылган. Ал эми Атамбаевдин дагы бир адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, бүгүнкү сот отурумуна экс-президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген. Ал буга чейинки сотко катышуудан баш тартып келсе, бу жолкусунда ден соолугуна карабай, Кой-Таш окуясына айыпталып жаткан балдарды колдоо үчүн келген.

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайындагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон. Ал Москвага дарыланганы кетип, өз алдынча басып, сүйлөп калган. Дарыланып жаткан Орусиядагы клиника коронавирус менен күрөшкө тартылып, обсервацияга айланып жатканына байланыштуу  ал 6-апрелде Екатеринбург аркылуу Бишкекке учуп келип, Кыргызстанда дарылануусун улантууда.

Кой-Таш окуясы боюнча жалпысынан 19 адамга айып тагылып, 14нүн иши сотко өткөн. Калган бешөөнүн иши тергөө менен кызматташууга макул болгондугуна байланыштуу өзүнчө тергелүүдө. Айыпталуучулардын арасында экс-президент А.Атамбаев, ЖК депутаттары А. Кодуранова, И.Карамушкина, экс-депутаттар Р.Жээнбеков, М.Мискенбаев, президенттик аппараттын мурунку башчысы Ф.Ниязов, КСДПнын расмий өкүлү К.Жолдубаева, УКМКнын кызматкери К.Сагымбаев жана башка башкалар бар.

Атамбаевдин адвокаттары экс-президенттин ден соолугу начарлап, кан басымы төмөндөп жатканын баса белгилеп, ооруканага жаткыруу экендигин айтып келишет. УКМК  бул маалыматтарды четке кагып, тынчсызданууга негиз жоктугун айтып, саламаттыгы күн сайын текшерилип турарын билдирип келет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.