Калчоро КӨКҮЛОВ, акын: “Жаным күйүп жанып турам сага мен, Жарык күндүн шооласындай бала элең…”

Калчоро КӨКҮЛОВ, акын: “Жаным күйүп жанып турам сага мен, Жарык күндүн шооласындай бала элең…”
Сүрөт: Эрнис Асек уулунун архивинен алынды

29-апрелде мезгилсиз дүйнөдөн өткөн белгилүү журналист, атактуу акын Зайырбек Ажыматов бүгүн, 1-майда акыркы сапарга узатылды. Маркумдун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Коштошуу зыйнаты Бишкектеги «Дордой» жакта жашаган өзүнүн үйүнүн алдында өттү. Ага белгилүү саясатчылар, акын, жазуучулар, жаш калемгерлер, күйөрмандары барып, сөз сүйлөштү. Карантинге байланыштуу коштошууга барбай калган калың эл социалдык тармактан узатышты… Көзү өткөндөн бери сандык толо армандуу ырлар жазылды, дагы эле жазылууда…

Биздин сыймыктанган мыкты акыныбыз Калчоро Көкүлов Зайырбек Ажыматовго арнап ыр жазып, “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды. Көзгө жаш тегеренет…

ЗАЙЫРГА

Бул дүйнөдө түгөйлүү бар, жалкы бар,
Бул өмүрдүн алды менен арты бар.
Өзөк өрттөп жүрүп турган жашоодо,
Өмүрдүн да, өлүмдүн да шарты бар.

Атаң көрү, пенде жолу жар, туман,
Кимдер келип, ким кетпеген калкынан.
Төрөлчүлөр менен бирге төрөлүп,
Өлгөндөрдүн өлө албайсын артынан.

Бермет, каухар, жакут кийген дүйнөнүн,
Бермет, жакут, каухарына күйбөдүң.
Безеленип ырга салып калкым деп,
Бечаранын бечелдигин сүйлөдүң.

Жаным күйүп жанып турам сага мен,
Жарык күндүн шооласындай бала элең.
Жаткан жериң жайлуу болсун кантейин,
Жанып күйүп жазган ырың мага дем.

Бирин үзсө, бириңерге жөлөнөөр,
Бир бутактын эгиздери элеңер.
Бир бирине киндиктештей туташып,
Бир чөктүбү сүзүп жүргөн кемеңер.

Бул жашоодо эски менен жаны бар,
Бул жашоонун карасы бар, агы бар.
Жаратканым ыйманыңды кабылдап,
Жаннат нурдан жайын тапсын жаныңар.

Бир мезгилдин берендери болдуңар,
Бир бөксөрүп, кайра бирге толдуңар.
Атаганат, бул бейдабаа ааламда,
Ажалдын да, армандын да орду бар…

30.04.20.

“Кош дебечи”…

Эки уул, эки кыздын атасы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Басма сөз сыйлыгынын лауреаты, акын, журналист Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. 1993-жылы мектепти бүтүрүп, Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы КМУУнун журналистика факультетине өтүп, аны ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс», «Жаңы Агым» гезиттеринде, КТРКнын радио берүүлөрүндө эмгектенген. Өмүрүнүн акырында  «Азаттык» радиосунда иштеп жүргөн. Көптөгөн ырларды жазып, 4 китеби: «Жалгыздык» (1996-ж), «Мелмил» (2005-ж), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) жарык көргөн. Бир топ ырларына обон жаралган. Акыркы эле ырын мисалга алсак, «Жарты кайык», «Кош дебечи» деген ырына обончу, ырчы Түмөнбай Колдошов обон жаратып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапты.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты мезгилсиз дүйнөдөн өткөн мыкты журналист Зайырбек Ажыматовдун апасына, жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.