Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, акын: “Шайтандардын заманына өчөшүп, Шамдай жанып жашагыла, жигиттер!”

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, акын: “Шайтандардын заманына өчөшүп, Шамдай жанып жашагыла, жигиттер!”

29-апрелде мезгилсиз дүйнөдөн өткөн белгилүү журналист, атактуу акын Зайырбек Ажыматов бүгүн, 1-майда акыркы сапарга узатылып, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. «Кыргыздын дагы бир кырааны, алп акын кетти» деп кабыргабыз кайышып, бири-бирине көңүл айтып турган чагыбыз. 

Белгилүү котормочу, журналист, акын, Зайырбек Ажыматов менен чогуу иштеген Жыргалбек Касаболотов кыргыз элине “Кайрат” аттуу ыры менен кайрылды. Ар бир адамды ойлонто турган мыкты ыр.

Кайрат

Ал тарапка бара турган киши көп…
Ашыкпай тур, аргымагың чү-чүлөп.
Түбөлүккө түнөк кылып кеткенче,
Тирүүлөрдүн жасай турган иши көп.

Учурунда ачыш керек кенчиңди,
Убагында бериш керек, берчүңдү.
Ичтеринен жакыны үчүн кан өтүп,
Илгеркилер оңой кеткен дейсиңби?..

Мыктылардын көбү тирүү калбаган,
Мыйзам ушул, Манас баштап зарлаган.
Куткарам деп калың элдин өзөгүн,
Курманжандар өз баласын арнаган.

Эчендери сезбей өмүр таттысын,
Эрлер өткөн, элдин издеп бактысын.
Анда-санда түздөнсүн деп башкалар,
Ажал чиркин алат экен жакшысын.

Кеткен жандар далайларды зилдетти,
Кечээки эле көргөн жашоо бир кетти.
Унутулуп калбаш үчүн асылдар,
Улаш керек, изги сапар милдетти.

Ак-каранын айыгышы жулмалап,
Аккан суунун шары кетсе — кир калат.
Кайрандардын жолун улай тургандар,
Кайратынан жанып кетсе ким калат?

Өйдө жакта күтөт далай бийиктер,
Өчпөй турсун, кыргыз деген биликтер.
Шайтандардын заманына ӨЧӨШҮП,
Шамдай жанып жашагыла, жигиттер!

Көөдөн чыдап жүрөк урган тепкиге,
Көздөп койгон максаттарга — жеткиле!
Жарым жолдон жаман катын өңдөнбөй,
Жасачу ишти жасап коюп кеткиле…

Жыргалбек Касаболотовдун буга чейинки жазган “Эсилдер” аттуу ырын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.