Эмилбек КАПТАГАЕВ: “Коронавирустан каза болгон медицина кызматкериники жөнөкөй өлүм эмес, өзгөчө өлүм!”

Эмилбек КАПТАГАЕВ: “Коронавирустан каза болгон медицина кызматкериники жөнөкөй өлүм эмес, өзгөчө өлүм!”

Бүгүн, 2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында COVID-19дан эки адам каза болду, анын бири дарыгер. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Алардын айтымында, бул илдеттен көз жумган Жүзүм Асанова Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси болгон. 58 жашта. Ал эми экинчиси Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну болгон. Экөө теӊ пневмония, жүрөк, кант диабетинен жабыркап келген.

Муну уккан коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн “Фейсбуктагы баракчасына: “Өтө кайгылуу окуя… Арты кайырлуу болсун дейли…Үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, жанын Жараткан бейиште кылсын…

Менин жеке оюм… Жалпы элдин башына түшкөн бул аламаат менен күрөшүп атып каза болгон медицина кызматкерлерине карата биз согуш майданында душмандын огунан курман болгон жоокерлердей эле мамиле кылуубуз зарыл, бул жөнөкөй өлүм эмес, өзгөчө өлүм! Бул элдин өмүрү үчүн баатырларча курман болуу!”,- деп жазды.

Бүгүнкү Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавиус жугузгандардын жалпы саны 769ге жеткен. Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 200 медицина кызматкерине жуккан, бүгүн бири каза болуп калды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.