Жеңиш ЭДИГЕЕВ: “Силер өлгөндө залкарлар, биз утулабыз, эл утулат. А башкабыз өлгөндөчү…?”

Жеңиш ЭДИГЕЕВ: “Силер өлгөндө залкарлар, биз утулабыз, эл утулат. А башкабыз өлгөндөчү…?”

Эсен болуп, эстей жүр!

29-апрелде кан басымы түшүп кетип, ооруканадан көз жумган белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү кечээ, 1-майда “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Көп жылдан бери Швецарияда үй-бүлөсү менен жашап, иштеп жаткан белгилүү журналист Жеңиш Эдигеев кезектеги “Көк дептерин” жазып, кечээ “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды.

Көк дептер

Зайырбектин элесине

Жашап жашоонун да, жазып жазуунун да, өлүп өлүмдүн да көркүнө чыгардыңар!!!

Качан келет деп, качан чыгат деп, качан жазат деп, жолугушуу качан буюрат деп ойлоп, күтүп келдик, бирок, качан өлөт деп эч кимди ойлобойт экенсиң
да…

Ырдын баары акындыкка алып барбайт. Акын! Ал сен билгенден башка нерсе.

Карылык буйруган жок бирок кут даарыды ысмыңарды.

Өздөрүн сөздөн жасап сөзгө айланып кетишет…

Бири байлык менен таанылды, бири кошомат менен таанылды, а бири Сөзү менен анан да бечаралык жашоосу менен үлгү болду…

Өзүңөр алп, издегениңер бир сызык сап…

Согуш чыкса эл азаят экен, акын өлсө казынаң азаят экен!

Акын өлдү дегенде үйүн эмес элди ойлодум, эми эмне болот деп!!!

Мынча ыр, мынча эмгек жетишсиз!!! Дагы узак жашагыла!

Силер өлгөндө залкарлар, биз утулабыз, эл утулат. А башкабыз өлгөндөчү…? Ким утулат? Залкардай жанып жашабасаң өзүң утуласың…

Бийик бол, бийик бол, душманың куралсыз калганча!

Кудай акы, бизге же жакшы мыйзам же күчтүү сүйүү жетпей жүрөт. Мен мандемди экинчисинен издейт элем…

Ыйманы сезилбей туруп ыйман бергичтерден тажап турат эл.

Ноябрдын аягы, 2019. Мына деп кыш келгенде Бишкекке келдим. Жашоо жагдай болду, 11 жыл өтсө да Бишкектин, кыргыз жердин кышын көрө элек элем… Сагынтпачу кыш белең… Эңсетпечү Бишкектин кары белең… Эңсебеген Жер белең деги сен – Кыргызстан! Ырымчыл кылдың сен – алыс жолдор, аралыктар! Самолеттон мына деп Бишкектин жерин аттаганда — Буюрат тура деп, аткарылат тура деп тилектер… күбүрөндүм. Ырахмат айттым. Бишкек. Өздөрүнө билинбес бирок өзгөрүлүп келет. Дүкөндөр, үйлөр, көчөлөр. Элдер, жаштар, тааныштар… Атайылап жөө басам. Автобуска, троллейбуска, биздин сүйгөн маршруткага түшөм. Элдерди карайм. Мен башынан элдерди караганды жакшы көрөм. Жолдон, көчөдөн, “подземкадан”, базардан, вокзалдардан, уч-кыйырсыз аэропорттордон… Элдердин жүзүнөн окуйм, тааныйм, табам жашоону. Анткени мен билбегенди алар билишет, мен көрбөгөндү алар көрүшөт, сезбегенди алар сезишет… а ким билет менин да аларга жаңылыгым бар. Баарысы бир нерсе көтөрүшөт колдоруна: сумка, баштык, чемодан… Чайханалуу шаар болдуң, берекелүү Бишкек болдуң дейм, баратып. Жолдордон өтөм сагынган. Ошентип бир ай өттү… Жаңы жылга 3 күн калды. Жароокердей, боорукердей, кылыктуудай, адемидей жылт-жылт этет жарыктар. Кетээр кечте атайылап шаарга чыктым. Анан аэропортко жылып кеттим, акырын. Көрсө, ошондо Бишкегимде Эрнис да, Элмирбек да, Зайырбек да бар экен… Үч күндөн кийин 2020ны тосом деп, аманчылык, жакшылык, ийгиликтер болсо деп…

Мамлекет мыйзамы баарына бирдей. Бирок өлкөнүн эң эрке балдары акын менен өнөрчүлөр болууга тийиш.

Мамлекет чыгармачылдардын шартын көтөрсө алар элдин руху менен духун көтөрөт. Бул биз үчүн саясат болууга тийиш!

Жөн акындыктан Эл акындыкка… Эл акындыктан түбөлүк акындыкка!

Өткөндөгү тизмеден… Уланбек 27, Эрнис 49, Элмирбек 42, Зайырбек 44… Аз жашагандардын санын толуктадың, бирок, бүжүрөп жашагандардын санын ырың менен азайттың…

50 жаш! Сага жетиш азаппы?! Ырымбы чоң талант үчүн, тосмосуңбу, ашуусуңбу ашалбай калган, армансыңбы, көпсүңбү ошончо эле ыраа кылбай, алыстай берген, жашына берген?

Жашоо бул чоң таймаш экен, сөздөн башталып некрологдон бүткөнчө…

Бала кез. Окуучу кез. Студент кез. Жаштык кез. Мастык кез. Жүргөн кез. Сүйгөн кез. Эргүү чапчып турган кез. Ичкен-таштап койгон кез. Кырктын кырын ашкан кез. Бир күнү эле… мунун баары тирүү кез!

Менин муунум! Обондо кайрык болуп Калмурат калды, айтыштын актаңдайы болуп Элмир калды, жазуу болуп Эрнис калды, акын болуп Зайырбек калды… Башкабызда улуу Жол турат! Чагылган отун жакканга…

Ала-Арча. Сенде жымжырттык, бизде күрөш калды кайнаган. Баягы тирилик, сен жашап да, жазып да бүтпөй калган…
Сенде тынчтык, бизде согуш калды жеңбей калган…
Сенде муздак… бизге май келди жадыраган.
Сен уктадың түбөлүк, биз жүрөбүз көздү ушалап, түндө уйку канбай калган…

Жеңиш ЭДИГЕЕВ,

01.05.2020-жыл

Жүрөк дүкүлдөткөн «Күрөк үнү»…

Мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис Асек уулу 29-январда Бишкектеги оорукананын биринен капысынан жүрөгү кармап каза болуп, сөөгү Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы туулуп-өскөн Кызыл-Туу айылына коюлган.

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, обончу, ырчы, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев 20-апрелде Бишкектеги ооруканадан жүрөгү кармап каза болуп, сөөгү 22-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган. Жаткан жериңиздер жайлуу, топурагыңыздар торко болсун!

Жүрөк дүкүлдөткөн «Күрөк үнү» аталыштагы Жеңиш Эдигеевдин  «Көк дептерин» бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эсен болуп, эстей жүр, элим!

 

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.