«Коронавирус илдети майдын аягында токтойт» дейт го вирусолог. Карантин дагы узартылганы калды окшойт… Чыдайбызбы?

«Коронавирус илдети майдын аягында токтойт» дейт го вирусолог. Карантин дагы узартылганы калды окшойт… Чыдайбызбы?

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматовдун бүгүнкү, 3-майда брифингде билдирүүсүнө караганда, коронавирус инфекциясынын жайылуусу Кыргызстанда май айынын аягында токтойт деген божомол бар.

«Коронавирус оорусу башталгандан бери бешинчи жумадан тарта оору жуктуруу көрсөткүчтөрү төмөндөй баштады. Акыркы 6 күндү карай турган болсок 96 жаңы учур катталды. Бул мурунку жумага (146) караганда бир кыйла төмөн. Акыркы жуманын 5 күнүндө 87 учур катталды. Коронавирус биздин божомол менен майдын акырында токтойт. Бул оорунун күндө катталуусу майдын аягына барып токтойт деген божомолубуз бар«,-деп билдирди З.Нурматов.

Вирусологдун бул билдирүүсүнөн кийин, “ошондо карантин дагы узарып кетеби?” деген суроо туулбай койбойт экен… Кандай болгон күндө да, сыртка чыкканда маска тагынганды, мээлей кийүүнү, үйгө киргенде кол жууну  унутпаңыз!

Коронавирус жуктуруп алып көз жумган дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом төлөнөт

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата билдирүүсүндө, Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 26 учур катталып, жалпы саны 795ге жетти. Он киши көз жумду, 564ү айыкты. 207си медицина кызматкерлери, алардын 139у сакайып чыкты. Бирөөсү кечээ, 2-майда Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында көз жумду.

Коронавирустан каза болгон медицина кызматкери Жүзүм Асанова Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси болгон. 58 жаштагы маркумдун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом компенсация төлөөгө өкмөттүн буйругу даярдалып жатканы тууралуу бүгүн, 3-майда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.