11-майдан тартып троллейбус, автобус жүрөт. Айдоочулардын да, жүргүнчүлөрдүн да жол-жобосу айтылды. Жободо эмнелер жазылган?

11-майдан тартып троллейбус, автобус жүрөт. Айдоочулардын да, жүргүнчүлөрдүн да жол-жобосу айтылды. Жободо эмнелер жазылган?

Бүгүн, 7-майда Саламаттык сактоо министрлиги коомдук транспортто жүрүү эжелери иштелип чыккан жобо тууралуу маалымат таратты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Өкмөттүн чечими менен 11-майдан тартып коомдук муниципалдык транспорт ишин жандандырат. Маршруткалардын жүрүшүнө азырынча уруксат бериле элек. Автобус, троллейбустардын жүрүшүнө уруксат берилип, эл ташууга, жүрүүгө өкмөт тараптан бир топ талаптар коюлган. Ага ылайык, жүргүнчүлөр баары беткап, мээлей кийип, антисептик каражаттар менен жүрүүгө тийиш.

Ошондой эле муниципалдык коомдук транспортто жүрүү учурунда коопсуздук чараларын көрүү боюнча атайын жобо иштелип чыккан. Ага ылайык,  айдоочулар салонго 60-70% гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттамдын аягында салонду дезинфекциялап, ичин желдетип туруу зарыл. Кире беришке санитайзер коюлушу керек. Жүргүнчүлөр да айдоочунун айтканын угуп, салон толуп калса, кийинки транспортту күтүүгө жана беткап менен түшүүгө милдеттүү. Ал эми салондун ичиндегилер бири-биринен алыс жайгашып, шахмат тартибинде туруусу зарыл. Жол кире «Тулпар» картасы аркылуу гана төлөнөт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.