Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги ачылды

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги ачылды

Бүгүн, 7-майда Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги жана баатырдын ысмы берилген жаңы парктын ачылышы болду. Ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөп, Жеңиш күнү миллиондогон адамдардын каны менен келген улуу майрам экенин айтты. Мекен үчүн канын төккөн ата-бабалардын эрдигин унутпай, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин парз экенин баса белгиледи. Азыркы муун согуш ардагерлеринин алдында милдеттүү экенин эскертти.

Чолпонбай Түлөбердиев согушка 1941-жылы, 19 жашында кетип, 1942-жылы 6-августта Воронеж облусунда фашисттердин ДЗОТун көкүрөгү менен тосуп, курман болгон. 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.