ӨКМ: «Катуу жаан жаап, суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал»

ӨКМ: «Катуу жаан жаап, суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал»

ӨКМдин Басма сөз кызматынын бүгүнкү, 7-майга карата шашылыш билдирүүсүнө караганда, катуу жаан жаап, суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрушү күтүлөт.  8-майдан 10-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

8-майда түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 27…29 градус болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.