Салянованын иниси киши колдуу болбосо бүгүн 45 жашка чыкмак. Иниси жөнүндө эжесинин эскерүүсү…

Салянованын иниси киши колдуу болбосо бүгүн 45 жашка чыкмак. Иниси жөнүндө эжесинин эскерүүсү…

Улан Салянов 42 жашында киши колдуу болуп көз жумган. Тирүү болгондо бүгүн, 7-майда 45 жашка чыкмак экен. Маркумдун бир тууган эжеси экс-депутат Аида Салянова былтыр, дал ушул күнү иниси жөнүндө жазганын өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырган. Ошону кайталап берип коелу деп чечтик.

“Иниме буйрутма бергени да, каракчылык кылганы да оңбоорун билем”

Уланым… Бүгүн сенин туулган күнүң. Бул күндү дайыма чогуу өткөзчү элек. Бүгүн сен 44кө чыкмаксың.

Мээнетчил, калп айтып, ушак сүйлөгөн кишини жактырбаган, кенедейиңен күйүмдүү, тууганчыл элең. Мени билген киши болуп ушак таратып аткандарга туталанып, көпкө чейин бушайман болуп алаар элең.
Элең… деп жазып жатып азыр дагы ишене албайм…

Инимди аткан Осмонкулов тоногонго үй издешпегенин, түз эле инимдин үйүнө барышканын айткан. Өлтүрүүдөн бир ай мурун МАИ кызматкери токтотсо: «Мен своймун, Саляновага каршы корсөрсөтмө берип жүрөм» деп кылмыш уюштуруучусунун айтканына карабай, саясий заказ жөнүндө материалдардын бир канча жеринде айтылганына карабай, өлтүрүү каракчылык максатта болгон деп ишти сотко бурмалап өткөрүп жиберген Д.Абдыкаров. Азыр ал жылуу-жумшак кызматта отуруп аткандан кийин, буйрук берген киши табыларына чоң күмөнүм бар.
Бирок Кудайым бар. Буйрутма бергени дагы, бул ишти жөн гана каракчылык кылып сотко өткөзгөнү дагы оңбоорун билем. Анткени эч кимге зыяны жок, бейкүнөө
бир тууганым кетти. Инимди коркутуу аркылуу мага таасир этебиз деп ойлогон айбандар, инимдин эр жүрөктүгүн, баласы үчүн өлүмгө бараар мүнөзүн эсепке алышкан эмес.
Азыр инимдин эки уулу үчүн Кудайымдан атасы көрбөй калган жакшылыктарды тилейм.
Сиздер дагы уулу Орозо айында аларга дуба кылып койсоңуздар
”,-деп жазган эле Аида Жеңишбековна.

Үч жыл мурунку кандуу күн…

Эске сала кетсек, Улан Саляновду 2017-жылдын 6-ноябрында Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө канкорлор кирип, атып кетишкен. ​ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Маркумдун өлүмү боюнча ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши — Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шектүү болуп жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, былтыр май айында Бишкекке жеткирилген болчу. Саляновду өлтүрүлүшү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Москвада кармалган. Ал Кыргызстанга өткөрүлүп бериле элек. Үч жылдан бери сот болуп келатат. Ушул жылдын 5-февралында Биринчи май райондук сотунда сот жараяны уланган. Анда кылмышка шектүүлөр Эрмек Осмонкулов жана Асанэмир Абыкулов көрсөтмө беришкен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.