Журналист Абдуллаевдин жубайы эмнеге кооптонууда?..

Журналист Абдуллаевдин жубайы эмнеге кооптонууда?..

Бишкекте камакка алынган өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевдин жубайы Кутликиз Балхибоева Бишкек анын күйөөсүн жашыруун түрдө Өзбекстанга өткөрүп бериши ыктымал деп кооптонуп жатканын билдирди.

«Бир жумадан бери жолдошума адвокатын киргизбей жатышат. Бобомуродду жашыруун түрдө Өзбекстанга экстрадиция кылышканбы деп кооптонуп жатам. Аны эки апта ичинде кайра Бишкекке кайтаруу шарты менен Ташкенттин атайын кызматтарына өткөрүп беришкенби дейм. Кудай анын бетин нары кылсын, эгер менин шегим тастыкталса, күйөөмдү мурда болгондой катуу кыйнашат. Эгер Бобомуродду Өзбекстанга экстрадициялашпаса, эмне үчүн социалдык дистанцияны сактоо менен адвокатына көрсөтпөй жатышат?», — дейт журналисттин жубайы К.Балхибоева.

Эске сала кетсек, УКМК Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстандын өтүнүчү менен 8-августта кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-августта аны 8-сентябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагында камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

Коюлган айыптарга макул эмес экенин жана мыйзамсыз кармалганын айткан Бобомурод Абдуллаев Европада жүргөн жеринен Американын Борбор Азиядагы университетинин чакыруусу менен Бишкекке төрт айлык окууга келген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, кайра кете албай калган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.