МИНИСТРЛИК: «Кавасаки синдрому Кыргызстанда катталган жок. Элди дүрбөлөңгө түшүрбөгүлө!»

МИНИСТРЛИК: «Кавасаки синдрому Кыргызстанда катталган жок. Элди дүрбөлөңгө түшүрбөгүлө!»

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-сентябрда эксперттерден турган жумушчу топ балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурларына байланыштуу жыйынга чогулду.

COVID-19 илдети менен байланышкан оору балдар арасында кездешип жатканын мурдараак Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова брифингде маалымдаган.

Учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколунун төртүнчү варианты бекитилди. Балдар арасында учурап жаткан илдетти аныктоо жана дарылоо боюнча аракеттер да ошол протоколго киргизилди.

Шүкүрова күз-кыш мезгилинде оорунун бардык түрүнө каршы күрөшүүгө даяр болуш керек экенин эскертүүдө.

Америка Кошмо Штаттарында жана Европада балдар кабылып жаткан белгисиз оорунун коронавируска байланышы бар экени айтылган. Америкалык педиатрлар бул илдеттин белгилери коркунучтуу Кавасаки оорусуна окшош экенин билдиришкен.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.