БШК шайлоого катышууга 15 партияга уруксат берди

БШК шайлоого катышууга 15 партияга уруксат берди

БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга документ тапшырган 17 партиянын 15ин расмий каттоого алды.

Алар: «Мекен Ынтымагы», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат», «Реформа», «Республика», «Социал-демократтар», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы».

Эске сала кетсек, шайлоого ат салышкан партиялар 24-августта документтерин БШКга тапшырып, алар бир жума талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерген. «Актив», «Бүтүн Кыргызстан» партияларына саясий жарышка катышуудан четтетилген. Ал эми «Эреже бузган» деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган, бирок, аталган партия сотто БШКны утуп алган.

БШК партиялардын документин тактап, шайлоого катышууга расмий уруксат берүү боюнча жыйындарын 2-3-сентябрда өткөрдү. 4-сентябрда партиялардын үгүт иштери башталды.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары беш жыл сайын шайланат. 21 жаштан өткөн кыргыз жарандары талапкер боло алышат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.