Жогорку Кеңештин депутаттары, спикер кайда, эмне иш менен алек болууда?

Жогорку Кеңештин депутаттары, спикер кайда, эмне иш менен алек болууда?

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Мындай токтом бүгүн, 3-сентябрда парламенттин өткөн сессиясында кабыл алынды.

2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуш кылды. Ал муну азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыгы менен түшүндүрдү. Спикер муну Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт иштерине колдонбош үчүн жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүш керек деп негиздеди. Депутаттар анын сунушун колдошту.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.