Журналист Күнболот Момоконов нааразычылык акциясына чакырууда. Эмнеге?

Журналист Күнболот Момоконов нааразычылык акциясына чакырууда. Эмнеге?
Бүгүн,  3-сентябрда, саат 14.00до, Бишкектеги Ахунбаев-Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде нааразычылык акциясы өтөт. Бул тууралуу журналист Күнболот Момоконов билдирди.
«Урматтуу журналисттер жана өлкөнүн кийинки келечегине кайдыгер эмес жарандар, кыргызстандыктар!
Бүгүн, 3-сентябрда, саат 14.00до, Ахунбаев-Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция имаратынын алдында, «Жерүй» алтын кенинин айланасындагы ар кыл маселелер боюнча түзүлгөн «Элдик комиссииянын» «Каттарга жооп — Эл талабын аткар!» аталышындагы нааразычылык акциясы болот.
Буга чейин, комиссия тарабынан «Жерүй» алтын кенинин аймагына кирип, экологиялык жана техникалык бузуулар, жумушчулардын эмгек акы укуктары тууралуу, алардын мыйзамдуулугу жана аткарылышын териштирүү максатында кирип чыгуу маселеси коюлган. Ал боюнча комиссия тарабынан 4 арыз, жана башка жергиликтүү коомдук уюмдар тарабынан бир топ кайрылуулар түшкөн. Тилекке каршы, ушул кезге чейин мамлекеттик органдар тарабынан жыйынтыктуу жооптор болгон жок!»,- дейт кесиптешибиз К.Момоконов.

Эске сала кетсек, 1969-жылы чалгындалган Таластагы «Жерүй» алтын кени Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологдордун айтымында, ал жерде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар. 2015-жылы алтын кенин иштетүү аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылып, Орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасынын колуна тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Бизнесмендерге жүз пайызга сатып жибергендер деп андагы президент Алмазбек Атамбаевдин, ошол жылдагы премьер-министр Темир Сариев жана Өмүрбек Бабановдун аты аталып келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Журналист Күнболот Момоконов нааразычылык акциясына чакырууда. Эмнеге?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.