ВИДЕО — Президент төкмө акын Аалы Туткучевдин сынына жооп берди

ВИДЕО — Президент төкмө акын Аалы Туткучевдин сынына жооп берди

Бүгүн, 5-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын «Биринчи радиосунда» маек курду. Анда төкмө акын Аалы Туткучевдин бийликти сындаган ырын кандай кабыл алганы тууралуу суроо болуп, ага президент төмөндөгүдөй жооп берди.

«Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды. Бул, албетте, коомчулуктун көңүлүн бурат. Акын — элдин жарчысы да, биринчи кезекте. Элди эмне түйшөлтөт, эмне маселе, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да. Элди кыдырып жүргөндө угуп атам. ЖМКлардан угуп атам. Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз. Баардыгын эл билет. Эл билген нерсени жашыра албайбыз.

Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча. Ошол эле бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз. Мына, менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты — ошол адам факторун жокко чыгаруу. Ошол тармактардагы коррупция элементтерин жоюу.

Мына ушул санарип бизди, өлкөнү, жалпы элибизди коррупциялык элементтерден куткарат. Ошол үчүн бул санарип саясатына абдан катуу көңүл буруп жатам. Барган жеримде, бир эле бажы эмес, салык эмес, сот системасына, айыл өкмөтүнө кирип жаткан санарип саясатын текшерип жатам. Элге кызмат көрсөтүүсүн, айрыкча мамлекетке, бюджетке түшүп жаткан каражаттарды санариптешмейинче биз мамлекеттин, бийликтин кадыр-баркын элдин астында көтөрө албайбыз. Эл коюп жаткан талапты биз аткара албайбыз. Аалы акыныбыз ошол саясатымды ырга салды.

Менимче, Аалы мырза менин жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен мына ушундай кабыл алдым. Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок. Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат. Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу – ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм. Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлойм«,-деди президент С.Жээнбеков.

Эске сала кетсек, 31-августта эгемендик майрамы Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында президенттин катышуусунда өткөн. Ал элге пандемияга байланыштуу онлайн форматта көрсөтүлгөн. Анда төкмө акын Аалы Туткучев бийликти сындап, коррупционерлерди айтып ырдаган. Акындын ырын коомчулук жакшы кабыл алып, талкуу жараткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.