Шашылыш билдирүү: жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар түшөт

Шашылыш билдирүү: жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар түшөт

6-сентябрдан 8-сентябрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

7-сентябрда жана 8-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 22…27°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу болушу күтүлөт.

8-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында  0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.