COVID-19: Дүйнөдө оору жуккан эң чоң көрсөткүч катталды

COVID-19: Дүйнөдө оору жуккан эң чоң көрсөткүч катталды

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзү боюнча соңку бир сутканын ичинде коронавирус дагы 304 626 адамдан табылды жана бул эң чоң көрсөткүч болуп калды. Илдет жуккандардын саны боюнча АКШ, Бразилия, Индия жана Орусия дагы эле алдыда.

Буга чейинки антирекорд 14-августта катталган жана анда COVID-19 бир күндүн ичинде 304 135 кишиден аныкталган.

Дүйнө жүзү боюнча оору жуктуруп алгандар 27 миллионго чамалап, 880 миңдей бейтап ажал тапты.

Оору жуктуруп алгандар жана илдеттен көз жумгандардын саны боюнча тизме башында АКШ турат. Кошмо Штаттарда коронавирус 6,2 миллион адамга жугуп, 188,5 миңдей бейтап көз жумду.

Бразилияда ооругандар 4,1 миллионго жетип, илдеттен 126 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды. Индияда да ооругандар 4,1 миллиондой болуп, көз жумгандар 70 миңден ашты. Индияда кийинки убакта ооругандар тездик менен көбөйүп жатат.

Төртүнчү орунда турган Орусияда бир миллиондон көп адам коронавирус болду. Бул мамлекет оорудан мерт болгондордун саны боюнча 12-орунда турат. Орусияда расмий маалыматка ылайык COVID-19дан 18 миңдей бейтап көз жумду.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.