Азамат ЖАМАНКУЛОВ: «Дүйнөлүк хит ырлар үч кыл комуздун коштоосунда аткарыла баштады»

Азамат ЖАМАНКУЛОВ: «Дүйнөлүк хит ырлар үч кыл комуздун коштоосунда аткарыла баштады»
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Комуз күнү менен кыргыз элин куттуктап, каалоо-тилегин билдирди. Ал төмөндө:
Урматтуу мекендештер!!!
Сиздерди 9- сентябрь «Комуз» күнү менен куттуктайм.
Комуз кыргыз элинин кылдуу чертме музыкалык аспабы катары белгилүү болуп, байыркы Түрк элдеринде улуттук тартма кылдуу, чертме жана какма аспаптарынын кобус (хобус), комыс, кобуз (хомуз), кумуз деп аталышы Комуздун эң байыркы музыкалык аспап экенин далилдеп турат.
Нечен кылымдан сакталып, муундан- муунга өтүп келе жаткан кыргыз комузунун абазы өлкөдө жана эл аралык деңгээлдеги өтүп жаткан бардык иш- чараларда жаңырып, улуттук аспапта кол ойноткон залкар комузчулар өзүнүн артына кийинки муунду шакирт катары тарбиялап жатат. «Камбаркан»,“Чоң кербез, “Жаш кербез”, “Маш ботой”, “Ак тамак, Көк тамак”, “Көкөй кести” сыяктуу улуттук классикага айланган күүлөр жаралса, комуздун коштоосу менен дастандар айтылып, ашыктык ырлары ырдалып, керемет кыргыз күүлөрү оркестрга салынып баштады.
Ал арада комуздун үнү заманбап музыка менен жуурулушуп, дүйнөлүк хит ырлар 3 кыл комуздун коштоосунда аткарыла баштады.
Учурда комуз өнөрүн өздөштүрүп, кыргыз күүлөрү менен кайрыктарын дал келтире аткарууга, атайын кесиптик музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан окуучулардын саны жыл сайын арбып, жаш комузчулардын ансамблдери түзүлүп, катары толукталып келет.
Биз өзүбүздүн салттуу-улуттук аспабызды аздектеп сактап, аны муундан- муунга маданий мурас жана таберик катары өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Аны менен катар, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү ар тараптан колдоого далалат кылуудабыз.
Урматтуу замандаштар!
Сиздерди Кыргызстанда экинчи жолу майрамдалып жаткан Комуз күнү менен куттуктайм. Өлкөбүздө тынчтык жана ар бириңиздерге бекем ден-соолук каалайм.
Майрамыңыздар менен!
P.S. Комуздун тарыхын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.